Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ЖЫЙЫНГА КАТЫШАТ


Бийлик менен коомдогу саясий күчтөрдүн мамиле-катышын аныктоочу кезектеги «тегерек үстөл» жыйынына бейөкмөт уюмдардан бир топ өкүлдөр катышат. Бейөкмөт уюмдардын айрым өкүлдөрү алдыдагы жыйындан натыйжа чыгаарына ишенишпейт. Анткен менен, коомдогу таасирдүү саясий күчтөр чогулган жерде топтолгон проблемаларды ачыкка чыгарып, аны чечүүнүн жолдорун издөө аракетин жактыргандар арбын.

«Өнөктөштүк форуму» өтө электен мурда эле анын маани-маңызын көтөрө чалып мактагандар арбын болду. Ошол эле учурда ага эмитен эле ишенбей, натыйжасы чыкпастыгын айткандар деле аз эмес. Буга чейинки «тегерек үстөл» жыйындарынын тажрыйбасы ырастагандай, бийлик менен коомдогу саясий күчтөрдүн «айтегерек үстөл» үстүндө айтылган идея, сунуш, пикирлердин көбү ишке ашырылбай, кагазда гана калат. Бийлик жактырган идея колдоого алынып, болгон административдик ресурс аны калкка жеткирүүнүн амалын жасап келет. Ортого салынган ойду, ымалага келген сунушту жалпы чечим катары элге алып чыгуу идеясы азырынча оожала элек. Ошондонбу, оппозиция өкүлдөрүнүн көбү кийинки кездери бийлик менен маңдай-тескей отуруп маселе чечүүдөн майнап чыгаарына ишенбей, «тегерек үстөлдөргө» катышпай коюшууда. Өнөктөштүк форумуна оппозиция лидерлеринин кай бирөөлөрү чакырылган жок, чакыруу кагазын алгандарынын айрымдары болсо катышууга көөнү келбей атат. Анткен менен бейөкмөт уюмдардын көпчүлүгү «тегерек үстөл» жыйынына катышууну туура деп эсептейт. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун айтымында, коалициянын атынан атайын өкүл жыйынга катышат.

- Биз, албетте, жыйынга катышабыз, - дейт Эдил Байсалов. - Директорлор кеңешинин чечими менен ал жыйынга кеңештин төрагасы катышат. Биздин максат – өзүбүз жасап аткан иш тууралуу элге айтуу.

«Келечек долбоору» коомдук фондунун төрагасынын орун басары, жаңы уюшулган «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиевдин пикиринде, кезектеги форумдан чоң жыйынтык күтүүнүн кажети жок.

- Мен жыйынга катышам, - дейт Муратбек Иманалиев. - Жыйында мамлекет тууралуу сөз болушу керек. Мамлекеттүүлүк, ошол мамлекеттеги элибиздин, коомчулуктун ынтымагы, өнүгүү - мына ушул эки чоң маселе тууралуу конкреттүү сөз болушу керек. Бирок, биздин оюбузча, бул жыйындын чоң натыйжасы деле болбойт го. Негизи, «тегерек столдорду» өткөрүү туруктуу иш-чара болушу керек. Кезектеги «тегерек столдон» мен конкреттүү натыйжа күтпөйм.

Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева «форумда коомдо бышып жетилген маселелер айтылышы зарыл» деп эсептейт. Ошондой олуттуу маселелердин бири, анын оюнча - улуттук тил. Кыргыз тилине азыркыдай жүрнары мамиле кылуунун кесепетинен улуттук тилдин эртеңкиси бүдөмүк. Жүрө-жүрө эне тили жоголуп, мамлекеттин атында гана калышы толук ыктымал.

- Чынын айтыш керек, «тегерек столдо» айтылган пикирлердин бир тобу ишке ашырылып, бир тобу ишке ашпай калып жатат, - дейт Токтайым Үмөталиева. – «Тегерек столдордо» конституциялык реформа тууралуу айтылган, конституциялык реформа болуп өттү. Экономикалык, саясий реформалар жүрүп атат. Мен жарандык коом, мамлекет кыргыз тилине өтө зор камкордук көрүшүн каалаар элем. Себеп дегенде, мамлекеттүүлүктүн сакталышы тилибиздин сакталышына байланыштуу. Эгер кыргыз тилине кайдыгер мамиле сакталып кала берсе, мамлекетибиздин аты калып, заты калбайт деп ойлойм.

Келаткан шайлоо алдында бейөкмөт уюмдардын калк арасындагы түшүндүрүү иштери күчөйт. Бул өз кезегинде алардын коомдун саясий турмушуна активдүү катышуусуна, бийликке таасир көрсөтүшүнө шарт түзүп берет.

XS
SM
MD
LG