Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Түркмөн өкмөтү Англиядагы мурунку элчисин айыптады


Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Улуубританиядагы мурдагы элчиси Чары Бабаев өткөн жылы Сапармурат Ниязовдун өмүрүнө кол салууну уюштургандар арасында болгонун жума күнү жарыялады. Бабаев элчилик кызматын ушул жылдын башында таштап кеткен эле. Министрдин айтымында оппозициялык топ Чары Бабаевдин кайда жашынып жүргөнүн билет. Бирок Түркмөнстанда Бабаевге каршы кылмыш иши козголгон эмес, деп белгилеген Түркмөн тышкы иштер министри бүгүнкү билдирүүсүндө. Сапармурат Ниязов өткөн жылкы окуяны төңкөрүшкө жана аны өлтүрүүгө далалат катары баалаган. Бирок адам укугун коргоо уюмдары окуя оппозицияны талкалоо үчүн уюштурулган деген пикирде. Өткөн жылкы окуядан бери Түркмөстанда мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов баш болгон жүздөгөн адамдар камакка алынган.

XS
SM
MD
LG