Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Чеченстанда «мамлекеттик террор» дейт укук коргоочулар


Бүгүн Адам укуктары боюнча Эл аралык Хельсинки федерациясы орус бийлиги Чеченстандагы кыйноолорго көңүл бурбай жатат деген билдирүү таратты. Билдирүүдө Чеченстандагы абал «мамлекеттик террор» катары бааланган жана орус бийлиги чөлкөмдө орун алган зордук-зомбулуктарды токтотууга чара көрбөй жатат деп белгиленген. Хельсинки федерациясы Чеченстандагы коопсуздук абалын өтө оор катары баалап, мындай абал кошуна Ингушетияга да жайылып баратканын белгилеген. Хельсинки федерациясы Чеченстандагы адамдардын белгисиз жоголуу фактыларын иликтөө үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлүн чакырууну орус бийлигине сунуштады. Адам укугун коргоо уюму бул билдирүүнү жарыялап жатканда, Ассошейтед пресс маалымат агенттиги Грозный шаарынан ким экендиги белгисиз эки адамдын сөөгү табылганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG