Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Хорватиянын сөз эркиндигине байланыштуу мыйзамы сынга алынууда


Парижде жайгашкан «Чек арасыз репортерлор» тобу Хорватиянын Кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөр өлкөдөгү сөз эркиндигин кысымга аларын жарыялашты. Өткөн жумада киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, журналист тараткан маалыматынын чындыгын далилдеп берүүгө тийиш, эгерде далилдей албаса бир жылдан жогору мөөнөткө кесилет. Ал эми расмий бийлик далилдөөчү маалыматтар суралганда аны бербей коюуга укуктуу. Ошондой эле мыйзамга «расмий , кызматтык жана ишкерлик сырлар» деген чектөөчү бөлүктөр да киргизилген. Хорватия журналисттер бирикмеси кабыл алынган мыйзамды ушул жума башында айыптаган эле.

XS
SM
MD
LG