Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Иракта келерки жылы шайлоо өткөрүлөт


Ирактагы америкалык админстрациянын башчысы Пол Бремер Ирак келерки жылдын башында демократиялык шайлоого даяр болорун билдирди. Анын айтымында шайлоо мөөнөтү Ирактын жаңы конституциясынын кабыл алынышына жараша белгиленет. Кечээ күнү БААС партиясынын Иракта бийликти алганына 35 жыл болгондугуна байланыштуу АКШ баштаган коалициялык күчтөр күчөтүлгөн даярдыкта турушту. Бирок эч кандай олуттуу окуя болгон жок. Эки араб телекөрсөтүүсү аркылуу болсо Саддам Хусейиндин үнүнө окшош үн берилип, анда АКШ баштаган күчтөргө каршы согушууга чакырыктар жана президент Жорж Буш, премьер министр Тони Блэрдин согуш негиздүү болгон деген билдирүүлөрүн четке каккан. Ирактагы Америка аскерлери Багдаддан 320 чакырым алыстагы Хатра деген жерде 400 жакын күрттөрдүн сөөгү табылганын жарыялашты. Кыязы бул Саддам Хусейиндин курмандыктары дейт Ирактан келген маалыматта.

XS
SM
MD
LG