Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Британиянын жогорку даражалуу чиновнигинин сөөгү табылды


Англияда табылган сөөк өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси Дэвид Келли экендиги аныкталса, анда бул окуя мыйзамдык жол менен иликтөөгө алынат, - деп билдирди Вашингтондон Токиого учуп барган Улуубританиянын өкмөт башчысы Тони Блэр. Өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси кечее күнү сейилге чыгып кетип, кайра кайткан эмес. Бир күн өткөндөн кийин анын сөөгү табылууда. Ирактын массалык куралына байланыштуу маалыматты Англия өкмөтү атайлап бурмалаган деген маалыматты Дэвид Келли тараткан деп шектелип жаткан эле.

XS
SM
MD
LG