Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:31

«АЙТЫШ» КООМДУК ФОНДУНУН АБАЛЫ КАНДАЙ?


Аманбек Дилденбай, Бишкек Кыргыз элинин руханий байлыктарынын бири болгон айтыш өнөрүнө кийинки мезгилде коомчулук көңүл бурбай калгандыктан, төкмө акындардын катары сээлдеп бараткан. Мамлекет баалабаган мындай ыйык өнөрдү катардагы ишкер жигит Садык Шернияз колго алып, «ѳнөр алды кызыл тилдин» чеберлерин колдоо жана коргоо иретинде республикалык «Айтыш» коомдук фондун түзгөн.

Кыргыздын улуттук руханий кенчтеринин бири айтыш өнөрүн өркүндөтүп өстүрүүнү максат кылып ишкер жигит Садык Шернияз мындан үч жыл мурда «Айтыш» коомдук фондун уюштурган. Өзүнүн жеке каражатынан 20 миң доллар сарптап, кыргыздын 20га жакын таланттуу жаштарынын башын кошуп, айтыш өнөрүнүн сырларын үйрөнүүгө шарт түзүп берген. Ошол фонддун максаты тууралуу Садык мырза буларга токтолду:

- Республикалык «Айтыш» коомдук фондун уюштурганыбызга үч жылдын жүзү болду. Бирок ал расмий түрдө 2001-жылдын февраль айында ачылды. Бул фондду түзүүдөгү негизги максат - канатташ казак эли менен кыргыздан башка элдерде жок, Кудай-Таала берген кайталангыс айтыш өнөрүн өркүндөтүү, жаш таланттарды тарбиялап өстүрүү, келечек муундарга татыктуу руханий мурас калтыруу. Менин чоң атам төрөлгөндө казактын белгилүү Шернияз аттуу акыны бабаларымдын айылына келген экен. Ошол казак акынынын урматына чоң атамдын атын Шернияз деп коюшкан экен. Ошондонбу, раматылык чоң атам дагы айтыш өнөрүнө, өзгөчө комузга жакын эле. «Кыргыздын залкарлары Жеңижок, Ниязалы үйгө келип-кетишчү. Улуу акын Токтогул Шиберден качып келатканда чоң ата\ң Шернияздын үйүнө токтоп, дем алып кеткен», - деп атам Эсентай айтып калчу. Ал киши да комузда кол ойнотуп чертип калчу эле. Мен дагы бала кезимден комузга, элдик дастандарга, айтыш өнөрүнө, улуу акындардын чыгармачылык өмүрүнө кызыгып келем. Ошонун демиби, айтор айтыш өнөрүн өстүрүүнү, өркүндөтүүнү колго алдым. Азыр «Айтыш» коомдук фондунда 15тен ашуун адам катышат. Алар он күн сайын жолугушуп, чыгармачылык пикир алышып, тажрыйба алмашып, Ашыкемден (Ашыраалы Айталиев), Тукемден (Тууганбай Абдиев) таалим-тарбия алышат.

«Айтыш» коомдук фондунун кеңсесинин кичинекей бир бөлмөсүндө отургучтар коюлуп, жаңы чабылган өрүк комуздар илинип турат. Ал эми дубалдагы атайын такта бетиндеги түстүү фотосүрөттөр «Айтыш» фондунун уюштурган кароо-сынактары тууралуу материалдарды, ар кандай жолугушууларды чагылдырат. Ал жерден республикалык жана эл аралык айтыш конкурстарынын женүүчүсү, айтылуу Эшмамбет акындын чөбүрө жээни Элмирбек Иманалиевди жана акын жигит Жолдубай Жапаровду кезиктирип суроо узаттым.

- Элмирбек мырза, «Айтыш» өнөрүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

- Төкмө акындын башка өнөр адамдарынан өзгөчөлүгү - ал бир эле мезгилде комузчулукту, музыкант-аткаруучулукту өздөштүрүп, ойлоп табуучу же ойчул, чечен, сөзмөр, көрөгөч, санжырачы болуу менен бирге эске тутуусу мыкты, ой чабыты кенен болушу керек. Ал ушундай ар түрдүү өнөрдүн башын кошуп бүтүндөй бир гармонияга бириктирген чеберчилиги менен айырмаланат. Ошондуктан төкмө акындар бир эле учурда комузчу, бир эле учурда аткаруучу, бир эле учурда өзүнө өзү музыка коштоочу, бир эле учурда ырды токуп айтып кеткен жамакчы. Анан акындык шыгы бар адам жаратылыштын сырын ача билген, адамдар менен айбанаттардын мүнөзүн ажырата баамдап, тарых, санжыра, элдик фольклорду мыкты түшүнгѳн, азыркы доордун жаңылыктары менен кабардар адам болушу керек. Бул төкмө акындардын өнөрүнө Санкт-Петербург шаарында өткөн эл аралык фольклордук фестивалда да аябай таң калышып, өзүнчө касиетке ээ феномен катарында баа беришкен.

- Ушул «Айтыш» коомдук фондун төкмө акындарды тарбиялоо мектеби деп айтсак аша чапкандык болбостур. Ошол өнөрканадагы чыгармачылык иштериңер тууралуу айта кетсеңиз?

- Бул жер заманыбыздын залкар төкмө акындары Ашыраалы Айталиевдин, Тууганбай Абдиевдин мектеби десем жаңылбайм. Себеби, алар нагыз төкмө акындык канында уюп калган залкарлар Калык, Алыкул, Осмонкул, Ысмайыл, Токтосун менен катарлаш жүрүп, таалим-тарбиясын алган касиетүү өнөрдүн акыркы могикандары. Мына ошол зор таланттар жаштарды тарбиялап, шыгына шык кошуп, таптап келет. Биз бул жерге ар бир он күндө жолугуп сабак өтүп, өзүбүзчө жолугушуу кечесин өткөрөбүз. Тажрыйба алмашабыз, ой-пикирибизди бөлүшөбүз, кээде бири-бирибизди сындайбыз. Дагы бир айта кетүүчү нерсе - биз ар бир жанр жөнүндө атайын билет түзүп, эркин темада айтышабыз. Мисалы, «Күлүк күчүндө» деген бир эле тема эки акынга бирдей берилет же жалгыз акынга берилет. Аларга даярданууга убакыт берилбейт. Билеттеги суроону айтып туруп, өзүнүн ой-жорутуусун, мындайча айтканда төкмөлүк өнөрүн көргөзөт. Андан тышкары, алымсабак айтышы бар, кош сап менен айтылуучу. Ошондой эле кенже эпосторду, элдик дастандарды, улуу акындар Жеңижок, Токтогул, Эшманбеттин ырларын ырдап, алардын обондорун үйрөнөбүз.

- Жолдубай мырза, акындардын өнөрканасы болуп калган «Айтыш» коомдук фонду тууралуу сиздин кошумчаңыз?

- Чын-чынына келгенде ушул айтыш мектебин Садык мырза уюштуруп жакшы иш кылбадыбы. Эгемендүүлүктү алган акыркы он жыл аралыгында айтыш өнөрү түгүл жалпы элдин руханий дөөлөтүнүн ташталканы чыгып кете жаздабадыбы. Мен Атбашы өрөөнүндө той ырчысы болуп калгам. Анан «Айтыш» коомдук фонду түзүлгөнүн угуп, бул жакка келгем. Бул жерден залкар таланттардан баштап жаңыдан талпынган бала таланттарга жолугуп, пикир алмашып, тажрыйба алышып, кадыресе көп нерсени үйрөндүм. Үйрөнүп да жатам. Биздин кыргыздын акындары бир-эки обон менен эле айтышып жүрбөйбүзбү, азыр биз ар кимибиз өзүбүзчө обон, өзүбүзчө ыкма таап, аткаруучулук жөндөмүбүздү жогорулатсакпы деген максат менен изденүүнүн үстүндөбүз. Комузчулук өнөрдү, аткаруучулукту, сахнада өзүн-өзү алып жүрүүнү да ушул мектептен үйрөнүп жатабыз. Бул мектептин келечеги кенен. Айрыкча келечектеги муундар үчүн табылгыс, кайталангыс өнөр мектеби болуп калаарына ишенем.

- Садык мырза, сиздин демилгеңиз менен жыйырмага жакын айтыштын ар түрдүү кароо-сынактары өттү. Негедир акындардын арасында аялзатынан чыккан акындар жокко эсе, анын себеби эмнеде?

- Аялзатынан акындардын жок болуп жатканы - биздеги көйгөйлүү маселелердин бири. Бирок Ашыраалы Айталиевдин жана Тууганбай Абдиевдин шакирти Айгүл аттуу кызыбыз бар. Анда табийгат берген талант, шык бар. Келечектен көптү үмүттөндүрөт. Биз ага колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Албетте, таланттуу бир кыз көлдөгү бир тамчыдай. Эл арасынан да таланттуу уул-кыздарды издештирүүдөбүз. Кышында «Айтыш» коомдук фондунун алдында «Чайкама» аттуу адабий гезит чыгарганбыз. Анда залкар таланттардын чыгармачылык өмүр жолу, акындык өнөр, манасчылык тууралуу матералдарды окурмандарга тартуулаганбыз. Жыйынтыгында Алайдан, Нарындан жөндөмдүү балдар келди. Айыл жергесинде белгисиз таланттуу кыздар биздин фонд тууралуу кабардар болсо келет деген үмүттөбүз.

- Жакында канатташ Казакстанга барып келдиңиз, Садык Мырза. Алар төкмө акындардын өнөрүнө кандай баа беришет экен?

- Жакында биз Казакстандын борбору Астана калаасына барып өз көзүбүз менен күбө болгон көрүнүштөрдү айтып берейин. Казактын төкмө акындарын мамлекеттик деңгээлде баркташат экен. Жаш жигиттер «казактын халык артисттери, халык акындары» деген наамдуу, коомчулукта абдан барктуу, сөздөрү өтүмдүү экен. Атайын акындар үчүн өткөрүлгөн кароо-сынактарда жеңип чыккан акындарынын тизмесин алып, өкмөт жардам берип, көйгөйлүү маселелерин чечип берет экен. Казак жетекчилери «акындык өнөрдүн күчү менен эне тилдин кадыр-баркын көтөрөбүз, калк арасына жайылтабыз» деген ниетте. Акындардын ырлары эч тоскоолдуксуз басмаканадан китеп болуп чыгып атыптыр. Мамлекеттик казак тили үчүн ушунчалык далалат кылып жаткан катардагы кызматкерлердин, мамлекеттик жетекчилердин аракетине кубанасың. Ал эми төкмө акындык өнөргө кайрылсак, ал жерде атайын акындар үчүн мектеп ачылыптыр. Гумилев атындагы университеттин ректору Мырзатай Жолдосбековдун айтымында, жер-жерлерден чыккан төкмө акындарды алдыртып, университеттин филология факультетине акындык өнөрдөн сабак берген мугалим кылып коюптур. Жатакана, айлык маселелерин чечип бериптир. Төкмө акындык өнөрдү илим-изилдөө жолуна коюптур. Азыр айрым ыр жазып жүргөн студенттер домбура үйрөнүп, төкмө акындык өнөргө далалат кылып жатканына күбө болдум.

- Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министирлиги, көркөм өнөр жамааты сиз жетектеген «Айтыш» фондуна кандай жардам берүүдө?

- Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору Керим Турапов «Айтыш» кароо-сынагын өткөрүүдө ижара акысынан жеңилдиктерди берип, түшүнүү менен мамиле кылат. Андан башка коомчулукта колдоо көрсөткөн инсан чыга элек. Ал эми Билим берүү жана маданият министрлигине бир нече ирет сунуш киргиздик. Бирок эч бир майнап чыккан жок. Облустук маданият башкармалыктары анда-санда уюштуруу иштерине жардам берип калышат. Эгерде министрлик тараптан элдин руханий дөөлөтү болгон манасчылыкты, төкмө акындыкты, дастанчылыкты, деги эле улуттук фольклорду көтөрүү тууралуу атайын мамлекеттик деңгээлдеги программа иштелип чыгып, иш жүзүндө турмушка ашса, жакшы болоор эле. Айтмакчы, «манасчылык өнөрдү колдоого алып, жардам бергиле» деп ишкер адамдарга, тааныштарыма кайрылдым, бирок эч ким кызыккан жок. Эгерде мындай кошкөңүл мамиле жасап, күнүмдүк жашоонун кулу болсок, келечек муундарга көркөм мурастарыбызды калтыра албай калабызбы деп бушайман болом.

Баарынан Сөз улук демекчи… Ошол Улуу Сөздү кооздоп, уккулуктуу кылып жан киргизген, жараткан жан-дүйнөгө белек кылып берген касиеттүү төкмө акындык өнөр кыргыз улуту барда муундан-муунга улана береби, же?…
XS
SM
MD
LG