Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

МАЙЛЫСУУДАГЫ УРАН КАЛДЫКТАРЫ КӨМҮЛГӨН ЖАЙЛАРДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ КЕЛЕРКИ ЖЫЛЫ БАШТАЛАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл май айында Дүйнөлүк Банк Майлысуудагы уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоого 5 млн. долларлык грант бөлгөн болчу. Бул ишти башташ үчүн илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүү зарыл. 14-18-июлда Бишкекте ушул маселеге арналган эл аралык семинар болуп өттү.

Кыргызстанда уулу заттардын калдыктары көмүлгөн 49 жай бар. Алардын отузу - уран калдыктары көмүлгөн жайлар. Алар жер көчүп, жаан-чачын көбөйгөн сайын урап, бузулуп, эл жашаган зоналарга коркунуч туудурууда. Советтер Союзунан калган бул жайларды калыбына келтирүүгө Кыргызстандын алы жетпейт. Ошондуктан кыргыз өкмөтү жардам сурап эл аралык уюмдарга кайрылган. Быйыл май айында Дүйнөлүк Банк Майлысуудагы уран калдыктары көмүлгөн жайды реабилитациялаш үчүн 5 млн. доллар грант бөлгөн болчу. Анткени ал ошол уулуу заттар жаткан 49 жайдын ичинен эң эле коркунучтуусу болуп эсептелет.

- Буга чейин эч бир уюм же мамлекет “акча берем” деп убада берген эмес. Май айында гана Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңеши 5 млн. доллар берүү тууралуу чечим чыгарып берди. “Ошол 5 млн. долларды кантип пайдаланып, эмнеге жумшайбыз?” деген суроо ушул 4 күндүк семинарда каралды. Эмдиги жылы ушул мезгилде реабилитация иштери башталып калат. Майлысууда өтө коркунучтуу абалда турган, шаардын ичиндеги жана суунун жээгиндеги 3-, 5- ,7-, 8- жана 18-калдык жайлары бар. Акчалар ошолорго пайдаланылат, - дейт Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин департамент башчысы Анаркул Айталиев.

Анын айтуусу боюнча, жалаң Майлысуудагы калдык жайларды калыбына келтириш үчүн эле 17 млн. доллар керек. Ал эми министрликтин балансында турган 35 калдык жайдын баарына 31 млн. доллар талап кылынат. Дүйнөлүк Банктын акчасы Майлысууда жүргүзүлчү иштердин үчтөн бирине да жетпейт. Бирок ага карабай кыргыз өкмөтү бул эл аралык уюмга абдан ыраазы. Анткени Орусия жана Өзбекстан “жардам беребиз” деп коюп, эч нерсе кылыша элек. Майлысуудагы уран калдыктары кокус бирдеме болсо, андан Кыргызстанга караганда Өзбекстан көбүрөөк зыян тартат.

- Кыргызстанда 26 миң, Өзбекстандан 2,4 млн. адам жана Тажикстандан 700 миң адам жабыр тартышы мүмкүн. Катастрофа болсо, масштаб менен катар убакыт да маанилүү болуп эсептелет. Анткени радиоактивдүү булгануу 10 миң жыл бою жата берет, - дейт Анаркул Айталиев.

Семинардын катышуучуларынын айтымында, Майлысуудагы калдык жайларды калыбына келтирүү иштерин башташ үчүн ал жөнүндө илимий-техникалык маалыматтардын базасын түзүү зарыл. Аларга калдык жайлардын карталары, сүрөттөрү, техникалык чиймелери, радиациялык жана химиялык өлчөөлөрдүн натыйжалары жана башка маалыматтар кирет. Бул маалыматтар - ар кайсы өлкөлөрдүн ар кайсы мекемелеринде.

- Башка мамлекеттерден жана уюмдардан келишип, Майлысууда жүргүзгөн иштерин айтып беришип, материалдардын бизге өткөрүп берип жатышат. Бул материалдар кийин жасала турган иштерге өтө керектүү. Бул семинардын максаты - 10 жыл ичинде жасалган жумуштардын баарын топтоп, кийинки жумуштарга пайдалануу, - деди Анаркул Айталиев.

Семинардын катышуучулары курамына Кыргызстандын Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин, АКШнын Ливермол улуттук лабораториясынын, Орусиянын Атом министрлигинин, Алманиянын, Өзбекстандын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүштү. Алар 15-сентябрга чейин маалыматтарды топтоп, тактап чыгышы керек. Маалыматтар кийин Интернетке да жайгаштырылмакчы.
XS
SM
MD
LG