Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:51

Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин атуулдук коомдору эл аралык жыйын өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттеринин атуулдук коомдору шайлоолордун таза жана акыйкат өтүүсүн камсыз кылуу максатында биригүүнү чечишти деп «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, Словакия, Хорватия, Румыния, Сербия, Украина, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Грузиянын бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү 15-17-июлда Баку шаарында «Чыгыш Европа жана Шериктеш мамлекеттердин бейөкмөт уюмдары шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө катышуусу: тажрыйбалар жана келекчек» деген темада эл аралык жыйын курушту жана анын катышуучулары шайлоолордун таза жана акыйкат өтүшүн камсыз кылуу боюнча пикир алмашты. Аталган жыйынга Кыргызстандан «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова жана «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын өкүлү Динара Ошуракунова катышты. Динара Ошуракунованын айтымында, жыйындын катышуучулары кайсы өлкөдө шайлоо өтпөсүн ага биргелешип байкоо жүргүзүү максатында биригүүнү, ал үчүн эл аралык коалиция түзүүнү белгилешти. Эл аралык жыйынды Ачык коом институту (Нью-Йорк) жана Азербайжандын «Атуулдук коом үчүн» борбору уюштурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG