Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Эл аралык валюта кору Кыргызстанга 13 млн. доллар бөлдү


БИШКЕК. Эл аралык валюта кору Кыргызстанга өкмөт тарабынан иштелип чыккан Экономикалык өнүгүү жана кедейчиликти кыскартуу Программасын каржылоо үчүн 13 млн. 200 миң АКШ доллар бөлдү. Бул чечим 16-июлда Эл аралык валюта корунун директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынды. 18-июлда бул каржы уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынган маалымат боюнча, директорлор кеңеши Кыргызстанда 2001-жылдын декабрь айында күчүнө кирген программа боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды канааттандырарлык деп тапты. Программа Кыргызстанда кедейчиликти кыскартуу боюнча Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда. Үч жылга эсептелген бул программаны ишке ашыруу үчүн жалпысынан 101 млн. 700 миң АКШ доллар акча каражаты талап кылынат. Эл аралык валюта кору программаны мындан ары да каржылашы үчүн, Кыргызстан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча алган милдеттерин аткарууга тийиш.

XS
SM
MD
LG