Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Айрым саясий партиялардын жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн «Жаңы заман» партиясынын демилгеси менен Кыргызстандагы саясий партиялардын «Достук чайы» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Ага Кыргызстандагы каттоодон өткөн 36 партиянын ичинен 21 партиянын өкүлдөрү чакырылган. Бирок жыйынга 14 гана партиянын өкүлдөрү катышты. «Тегерек үстөлдө» бийлик менен саясий партиялардын ортосундагы мамилени мындан ары чыңдоонун жолдору талкууга алынды. «Жаңы заман», Экономикалык кайра жаралуу, Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы баштаган 9 партия бийлик менен саясий партиялардын мамилесин жакшыртуу максатында өлкөнүн жетекчилиги менен аптасына же айына бир ирет жолугуп туруу керек деген демилге менен чыгышты. Жыйындын катышуучулары саясий партиялардын өкүлдөрүнөн турган «Атуулдук кеңеш» түзүү зарыл деген чечимге келишти. Мындай сунушту алар 19-июлда өтө турган «Өнөктөштүк форумунда» жарыялашмакчы. Айта кетүүчү маалымат, жыйынга «Арнамыс» партиясынан башка оппозициялык маанайдагы партиялардын өкүлдөрү келишкен жок.

XS
SM
MD
LG