Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Баткен облустук бийлиги 18-июлда Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду


БАТКЕН. Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчиси Алишер Атабаевдин наамына кат жолдоду. Облус губернаторунун орун басары Абдубасит Мусаевден 18-июлда алынган маалыматка караганда, катта Өзбекстандын Сох анклавындагы чек ара жана бажы бекеттеринен өтүүдө өзбек чекарачылары менен бажычылары кыргыз атуулдарын жөнсүз текшерип, тинтип, болбогон шылтоолор менен бир канча саатка чейин кармап жатканы айтылган. Катта ага айкын акыркы мисал катары, 15-июль күнү Кадамжай районунун жашоочусу Абдинаби Ажыбаев «паспортуң жок» деген шылтоо менен өзбек чекарачылар тарабынан кармалып, андан ары Фергана шаарында бир сутка камалып жатканы белгиленген. Ошондой эле катта Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигинен кошуна эки элдин ынтымагына доо кетирчү чектен чыккан аракеттерди тыюу жана чекарада бекеттеринде кыргыз атуулдарына мыйзам чегинде сылыктык менен мамиле жасоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү чара көрүүнү өтүнүп, тийиштүү жыйынтык чыкпаса, кыргыз тарап да өздөрүнө жараша тиешелүү чара көрүүгө аргасыз болоорун эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG