Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандан мина талааларынын картасын сурады


БИШКЕК. 18-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Алишер Салахитдиновго чекарага коюлган өзбек миналарына байланыштуу нааразылык катын да тапшырды. Анда Өзбекстан өз коопсуздугун эл аралык террористтерден коргойм деп, кыргыз-өзбек чекарасынын айрым участокторун 1999-жылы миналап салганы эл аралык укук нормаларына туура келбестигин айтылат. Нааразылык катында ошондой эле кыргыз тараптын достук мамилеге жана террористтерге каршы бек турушуна өзбекстандын күмөн саноосу нааразылык гана жаратаары белгиленген. Катта андан тышкары миналар кошумча тактоону талап кылган жерлерге коюлганы да кыргыз тараптын тынчын алганы маселеге айланганы айтылат. Өзбекстандын мындай кадамдары эки мамлекет ортосунда 1996-жылы 24-декабрда түзүлгөн “Түбөлүк достук жөнүндө” жана 1996-жылы 24-декабрда кол коюлган “Аскердик багытта кызматташтык” келишимине каршы келээрин билдирген Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандан чекараны минадан тазалоону жана мина талааларынын картасынын бир нускасын тез арада берүүнү талап кылды.

XS
SM
MD
LG