Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

ТИБЕТТИК КЕЧИЛ АЯЛ НГАВАНГДЫН ТАР ЖОЛ, ТАЙГАК КЕЧҮҮСҮ


Британиянын премьер-министри Тони Блэр жекшембиде Бээжинге иш сапары менен келүүдө. Ал Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао жана башка расмий жетекчилер менен жолугат. “Хюман райтс уотч” жана башка эл аралык укук коргоо уюмдары жана бозгунчулукта жүргөн тибеттик саясатчылар менен коомдук ишмерлер Тони Блэрден Бээжиндеги сүйлөшүүлөрү маалында Тибеттеги адам укуктарынын маселесин козгоосун өтүнүүдө. Эми бозгунчулукта жүргөн даңазалуу тибет кечил айымы Нгаванг Сандролдун өмүрдүк күрөшү тууралуу баянга назар салыңыздар. 13 жашында Кытай бийликтери абакка салып, өмүрүнүн 21 жылын түрмөдө өткөргөн бул айым азыркы тапта Далай Ламанын соңку саясатын, атап айтканда, Тибет Кытайдын курамында кала берсин, бирок аймактык кеңири автономияга ээ болсун деген талабын колдоодо.

Азыр Лондондо жүргөн тибеттик кечил аял Нгаванг Сангдрол тибеттик кечилдердин ичинен эң узак мөөнөткө - 21 жылга эркинен ажыратылганы менен да айырмаланат. Тайманбас аял эл аралык коомчулуктун аны бошотуу боюнча 11 жылга созулган өнөктүгүнүн натыйжасында, 2002-жылы Кытайдын ал кездеги президенти Цзян Цземиндин Кошмо Штаттарына баргандан кийин абактан чыккан. “The International Herald Tribune” гезитинин жазышынча, Кытай азыр да диссидентердин картасын ойноп, АКШ менен болгон мамилесин жакшыртып алууга астейдил.

“Саясый соодага” түшчү тизме башындагы кытайлык жана тибеттик диссиденттердин артында канчалаган катардагы абийир туткундарынын тагдыры жатат.

Алардын бири Нгаванг абакка алгачкы ирет 1990-жылы түшкөн. 13 жашар Нгаванг башка дагы 12 кечил аял Далай Ламанын Норбулинкадагы жайкы резиденциясынын жанында туруп, “Тибетке эркиндик!” дешип кыйкыргандары үчүн камалган. Ал жаш болгону үчүн 9 ай гана абакта отуруп чыгат. Бирок, кытай полицайларынын темир түтүк жана электр таяктар менен уруп кыйноосуну өз башынан өткөрөт.

1992-жылдын ноябрында Нгаванг “контрреволюционер” деп айыпталып, 3 жылга кесилет да, бир жылдан кийин абакта тибеттиктердин элдик ырын ырдаганы үчүн анын жаза мөөнөтү дагы 6 жылга узартылат.

1996-жылы Нгаванг отурган камерага кытайлык ырасмий адам киргенде турбай койгону үчүн кошумча дагы 8 жылга кесилет.

1998-жылдын май айында арестанттар эркиндикке чакырган сөздөрдү кыйкырышканда, түрмө күзөтчүлөрү Нгавангды “өлтүрө” сабап, мурдакы 16 жылга дагы 6 жылды кошушат.

“Нгаванг көпкө чейин былк этпей жаткандыктан, биз аны өлдү деп ойлогонбуз. Себеби аны бир нече адам ортого алып алып тепкилеген болчу”, - деп эскертет аны менен абакта чогуу отуруп чыккан Норзин Вагмо айым.

Нгаванг өзү болсо мындай жүрүм-турумун: “Алар Далай Ламаны сыйлашпаса, эмне үчүн мен аларды сыйлашым керек”, - деп түшүндүрөт.

Сөзүнөн кайтпас аял абакта түрдүү азапты көрөт. Күзөтчүлөр бир ирет анын төбөсүнө толтура суу куюлган чыныны кондуруп, эки бутунун ортосуна бир барак кагазды кыстарып коюп, былк этпей турууну буйрушат. Чыныдагы суу төгүлүп же барак жерге түшүп кетсе эле, аны токтобой тепкилешет.

“Драпчи түрмөсүнө чет элдиктер келгенде, - дейт Нгаванг, - бизге жаңы абак кийимдерин берип, тар камералардын ичиндеги сасык жытты кетирүү үчүн, жыттуу чөптөр менен ысырык кылдырышчу”.

2002-жылы абактан бошотулуп, Тибеттен чыгарылып жиберилген Нгаван айым эми премьер-министр Блэр 20-июлда Бээжинге барганда, кытайлык жетекчилерди Далай Лама менен жолугушуп, анын сунушу боюнча Тибет болочогу маселесинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакыруусун каалайт. Ондогон жылдардан бери бозгунчулукта жүргөн Далай Лама Кытай бийликтери Тибетке эркиндик бербесине көзү жетип, акыркы жылдары мурдакы көз карашын өзгөрттү. Анын айтымында, Тибет Кытайдын курамында калып, бирок өзүн өзү башкарган автономиялык провинция болуш керек.

Буга чейин Кытай жетекчилигинин бул сунушка макул болоор түрү жок болчу. Кытайдын жаңы лидери Ху Цзинтао 1989-жылы Тибетте аскерий абал жарыяланган кезде, Тибеттин борбору Лхаса шаарынын партиялык комитетин жетектеген. Ху ошондо, Нгаван айым айткандай, “тибеттиктер өтө коркунучтуу жана башкарылгыс эл” деп айткан.

Ху Цзинтао тибеттиктер баш ийбейт деп корккон болсо, тибеттиктер алардын жеринде жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан ханзулар бизди өздөрүнө биротоло жуурулуштуруп алат деп коркушат.

Тибеттик кечил аял Нгаванг Сангдрол Британиянын премьер-министри Энтони Блэр жекшембиде башталчу визити маалында Кытай жетекчилерин Далай Лама менен тынчтык сүйлөшүүлөргө барууга ынандырса экен деп үмүттөнөт. Анын санааркоо менен кошул-ташыл болгон мындай каалоосуна бир катар укук коргоо уюмдары да тилектештигин билдирип, Чыгыш Түркстан маселесин да унуткарбоону эскертишүүдө.
XS
SM
MD
LG