Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51

ИРАК СОГУШУ АКШдагы ИЧКИ КҮРӨШТҮН НЕГИЗГИ БУТАСЫ БОЛОБУ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Ирак согушун баштоого негиз берген маалыматтар чийки болгон деген доого байланыштуу чуу АКШ президенти Жорж Буштун каршылаштарынын чыгарына май тамызгандай болууда. Айрым аналитиктердин айтымында, бул согуш Буштун кезектеги президенттик шайлоодогу салмагын түшүрөт десе, айрымдары согуш Американын эл аралык кадыр-баркын арттырды деп жатышат.

Мындан эки жыл илгери, 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон террактан кийин эл аралык терроризмге каршы күрөш жарыялаган АКШ президенти Жорж Буштун кадыр-баркы эл аралык деңгээлде дагы, өз эли ичинде да кескин көтөрүлгөн. Ушундан улам өткөн жылдын октябрь айында «массалык кыргын салуучу куралдары бар» деп ал Иракка согуш ачууну сунуш кылганда, АКШ парламентинин эки палатасы тең макулдугун берген. Демейде Жорж Буштун саясатына каршы болуучу Демократиялык партиянын парламенттеги өкүлдөрү да согушту колдогон добушун аяшкан эмес.

Бирок, Буш «Иракта согуш аяктады» деп 1-майда жарыялагандан бери отуздан ашуун АКШ жоокеринин набыт болушу жана да Иракка согуш ачууга негиз болгон жагдайлардын, тактап айтканда, “Саддам Хусейн Нигериядан тымызын уран сатып алууга ниеттенген”, “Иракта массалык кыргын салуучу химиялык жана биологиялык куралдар чыгарчу жайлар бар” деген сыяктуу маалыматтардын далилденбей жатышы Буштун атаандаштарынын жерден тилегенин асмандан бергендей болууда. Буга АКШнын борбордук чалгындоо кызматынын уран тууралуу маалыматтын тастыкталбагандыгын мойнуна алышы жана Улуу Британиянын Коргоо министрлигинин ушул Ирак маселеси боюнча кеңешчиси болгон окумуштуу Дэвид Келлинин табышмактуу өлүмү ого бетер кошумча болду.

Америкадагы айрым саясатчылар эл аралык деңгээлдеги мына ушундай кемчиликтерди кетирүүгө, бир чети, массалык маалымат каражаттары, экинчиден согуш баштала электе Буштун ниетин терең салмактоого түрткү бербей койгон демократтар күнөөлүү деп жатышат. Вашингтон университетинин саясат жана эл аралык мамилелерди изилдөөчү профессору Натан Браун бул маселе боюнча мындай дейт:

- Эгер кимдир бирөөгө кинени арта турган болсок, анда бул жерде күнөө лоялдуу оппозицияга таандык. Анткени, пресса күнүмдүк гана окуяларды чагылдырат жана алардын иши бир күндүн гана тарыхы болуп эсептелет. Ал эми демократтар болсо согуш боюнча катуу карама-каршылыктардын чордонунда болууну каалабай коюшкан.

Ал эми Демократиялык партиянын мүчөсү, сенатор Эдвард Кеннединин ушул шаршемби күнү Вашингтондогу Хопкинс университетинде сүйлөгөн сөзү демократтардын дарегине айтылган мындай жекирүүлөрдүн баарын жууп, тескерисинче, Буштун саясатынын ката жактарын айгинелеп салгандай болду. Сенатор Кеннеди ал сөзүндө Буштун Ирактагы саясатын “бой көтөрүүчүлүк саясат” деп баалап, Иракта кызмат кылып жаткан аскерлер Буштун катачылыгы үчүн өз өмүрүнөн айрылып жаткандыгын билдирген эле. Ал тууралуу сенатор Эдвард Кенннеди согуштун жөн-жайын иликтөө үчүн 12 кишиден турган комиссияны түзүү маселесин талкуулап жатканда төмөнкүчө айткан:

- Администрация өзүнүн мактанчаак идеологиясына өзү алданып жатат. Бул шашмалык алдыда дагы көптөгөн жагдайларды пайда кылып, көп талкууларга жол ачууда. Биздин согуштан кийинки саясат башка бирөөлөрдүн карызын моюнга илдиргени аз келгенсип, шиленме кумдун үстүндө тургандай болууда. Анын натыйжасы Ирактын өз элинин ичинде башаламандыкты пайда кылып, биздин аскерлерибизди партизандык согушка кириптер кылууда.

Демократтардын мындай билдирүүсү АКШдагы 2004-жылкы президенттик шайлоодо Республикачылардын беделин түшүрүшү мүмкүн деп жатышат. Анткени, президенттик шайлоого катышабыз деп, алдын-ала аты аталган сегиз эркек жана бир аял талапкердин баары Буштун Ирак боюнча саясатына каршы. Алардын бири, Бермунд штатынын мурунку губернатору жана өз үгүт кампаниясында өлкөнүн ички саясатына көп көңүл бурган Ховард Диин АКШнын тышкы саясаты Америка элинин жалпы аброюуна көлөкө түшүрдү деген ойдо:

- Америка режиминин дүйнө элине да, өз элине да тийгизген кесепети абдан жогору. Себеби, эми америкалыктар “Карышкыр, карышкыр” деп кыйкырса, мурункудай болуп ага эч ким ишенбейт. Мындай абалдын түзүлүшүнө бир нече жагдай өбөлгө түздү. Анын биринчиси, чалгындоо кызматчылары өз милдетин жакшы аткарышкан эмес. Экинчиден, президенттин кызматчылары жана чалгындоо кызматынын өкүлдөрү президенттен чыныгы маалыматтарды жашырып коюшкан. Үчүнчүдөн, президент баарын билген, бирок, аны ачык айткан эмес. Бул абдан жаман иш.

Демек, Ирак согушу АКШнын келээрки президентин шайлоодо жана ага чейинки саясий күрөштө республикачы президент Буш менен демократтардын ортосундагы тирешүүнүн олуттуу темасы болчудай.
XS
SM
MD
LG