Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

ӨНӨКТӨШТӨРДҮН САЯСИЙ ФОРУМУ


19-июлда Бишкекте бийлик менен саясий күчтөрдүн, бейөкмөт уюмдардын, маалымдоо каражаттарынын өз ара өнөктөштүгүнө арналган «тегерек үстөл» жыйыны өткөрүлдү. Жыйында бейөкмөт уюмдардын, атуулдук коомдун ролу, саясий партиялардын орду, маалымдоо каражаттарынын жоопкерчилиги, камактагы саясатчы Феликс Кулов, президенттик шайлоо тууралуу сөз болду.

Атуулдук коомдук уюмдар, маалымдоо каражаттары, бийлик жана саясий партиялардан 21ден өкүл форматында чакырылган ишембидеги жыйында Кыргызстандагы соңку саясий-экономикалык кырдаал, бийлик менен атуулдук коомдун ортосундагы мамиле жайында кеп болду. Жыйында чыгып сүйлөгөн президент А.Акаев «тегерек үстөлдү» даярдоого кызыкдар саясий күчтөр катышканын белгилеп, ага саясий партия, жарандык коом, маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлүн чакыруу мүмкүнчүлүгү болбогонун айтып, Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү 3 маселе тургандыгына токтолду:

- Буга чейинки жасалган иштерибизге сереп сала отуруп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы, анын бекем жерпайы үч негизге, үч лөк түшүнүккө негизделе тургандыгын биз жакшы билебиз. Адам укугу, коомдук демократиялык түзүлүш, жана да калктын ишенимине ээ болгон бекем мамлекеттик бийлик. Мына ушул негиздерди түзүү, аларды бекемдөө биздин негизги милдетибиз. 3- миң жылдыкка кирген кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн ишеничи демократияга байланган. Демократиялык негизде гана мамлекет бекем болот.

Кыргызстандын 12 жылдык пост-советтик өнүгүү тарыхына кайрылган президент демократия тууралуу дагы бир пикирин ачыкка чыгарды. «Буга чейинки тажрыйбабыз, жаңылыш-ийгиликтерибиз бир акыйкаттын башын ачып койду, - деди президент. – Демократия бул көпчүлүк алдында жүрүш-туруш менен турмуштун өзгөргөнүн билдирип алмаштырып кийип чыкчу күрмө эмес. Эгер биз чындап эле демократияны барктап, адам укугун коргоону коомдук максат катары алдыга чыгарууну көздөсөк, биз ага ачып көздү жумганча жетишибиз мүмкүн эмес».

Кыргызстандын учурдагы экономикалык-саясий абалына токтолгон президент быйылкы жылдын жарым жылында экономикада дурус өсүш болгонун айтты. Саясий күчтөр коомду ичара талаш-тартышка чакырбай, жаңылануу аракетине өткөнүн белгиледи.

Бейөкмөт уюмдардын коомдогу ролу тууралуу жыйында баяндама жасаган өкмөт башчы Николай Танаев Кыргызстанда саясий плюрализм таралып, жарандык коомдун активдүүлүгү артып баратканын баса көрсөттү. Саясий партиялардын коом турмушундагы ролуна токтолгон парламенттин палата спикери Алтай Бөрүбаев республикада саясий партиялардын саны аябай көбөйүп кеткенин, убакты-сааты келсе алардын биригүүсү зарыл экендигин айтты. Төраганын айтымында, Кыргызстан цивилизациялуу өлкөлөрдүн жолоюна түшүп таасири чоң 2-3 партияга өтсө туура болмок.

Кыргызстандын өнөн жайчылары жана ишкерлер союзунун жетекчиси, өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын жетекчиси Акбаралы Айтыкеев коомдогу саясий партиялардын стратегиялык биримдигин түзүү мезгили келгенин айтып, кошулууга даяр партияларга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

«Кыргызстан азыр кыйын учурда жашап атат, - деди А.Айтыкеев. – Коргоо партиясы коомдо коркунучтуу тенденциялар пайда болгонун эскертет. Биз коом коркунучтуу чекке келип калды, деп эсептейбиз. Эгер жагдай ушундай болсо биздин коом дагы кыйлага аркыл топторго бөлүнүп, туугандык, жердештик белгилерге карап бөлүнчү кландарга же өзүнүн тар кызыкчылыктарын гана ойлогон кишилердин таасиринде калышы мүмкүн. Мындайга жол бербеш керек».

Акбаралы Айтыкеев мамлекеттик кызматчы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, гезиттерди сотко бергиси келген чиновниктер кызматын таштап, жөнжай адам катары соттошуусу туура деп эсептерин айтты.

«Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орунбасары Эмил Алиев президент Акаев белгилеген 12 жылдык ийгиликтер иш жүзүндө көрүнбөгөнүнө, адам укугун коргоо болбой жатканына, партиялаштары дайыма кысым алдында жашап келатышканына, алардын биртобуна кылмыш иши ачылганына, партия жетекчиси Феликс Куловду эмдигиче бошотпой жатышканына токтолду:

- Президент менен көзмө-көз отуруп, проблеманы айтуу мүмкүнчүлүгү болгонунан гана биздин партия жыйынга катышууга макул болду,- деп айтты ал.- 12 жылдан бери өлкө кризистен чыкпай койду. Биз бул жерде жумшактап, экономикалык проблема деп атпайбызбы. Кыргызстан КМШдагы эң кедей өлкө болуп калды. Улуттук экономика жок болгон.

Эмил Алиевдин айтымында, Кыргызстанда иш эмес сөз гана айтылууда. «Арнамыс» партиясынын өкүлү кезектеги тегерек үстөл Аскар Акаев эларалык уюмдар алдында саясий күчтөр, оппозиция менен жолукканын айтыш үчүн гана өтүп жатканы тууралуу кинесин айтты:

- Бүгүнкү «тегерек стол» эмнеге керек? Акаев оппозиция менен жолукканын айтыш үчүнбү? Европада болчу жолугушууга айтып барыш үчүнбү? Биз жөн эле киши саны үчүн келдикпи? Андай эмесго, дейм Аскар Акаевич? Биз статист эмеспиз.

Оппозициядагы саясатчынын билдирүүсүнө териге түшкөн президент А.Акаев: «Кайсы Европадагы жолугушуну айтып жатасыз?» деген суроону узатты. «Сиз эмес, Курманбек Осмонов барчу Европаны айтып атам», - деди Эмил Алиев.

Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов келээрки аптада Кыргызстандагы адам укуктары маселесин талкуулай турган Европа Биримдигинин жыйынына барат. 22-июлда Брюсселде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча Кеңештин бешинчи отуруму өткөрүлөт. Бишкектеги ушуну менен төртүнчү ирет өткөрүлгөн «тегерек үстөл» Кыргыз өкмөтүнүн өкүлүнүн Европага карай жасалчу сапарынын алдында уюштурулганын бир катар серепчилер белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG