Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Президент Аскар Акаев кийинки мөөнөткө шайлоого барбасын билдирди


Бүгүн Бишкекте өткөн тегерек стол жыйында президент Аскар Акаев кийинки мөөнөткө шайлоого барбасын билдирди. Бул тууралууал мындай деди: Эми аягында, менин кийинки мөөнөткө шайлоого барар - барбасым жөнүндөгү суроого келсек. Мен ага эки жолу ачык жооп бергенмин. Конституциянын жаңы редакциясы менин шайлоого баруума жол бербейт.
Ал эми «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловго байланыштуу президент: «Ал - саясий туткун эмес» деп, Куловго кылмыш иши козголгондон кийин гана, ал саясий партия түзүүгө киришкен деп билдирди. Тегерек стол жыйынга президент жана премьер министр Николай Танаев, өлкөдөгү бир катар саясий уюм, партиялардын өкүлдөрү катышты. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууга алынды. Бийлик тарабынан уюштурулган бул иш чарага катышпасын буга чейин айрым оппозициялык партиялар билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG