Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Табылган сөөк Дэвид Келлиники экени аныкталды


Британияда жума күнү табылган сөөк өлкөнүн коргоо министрлигинин кеңешчиси Дэвид Келлиге таандык экенин бүгүн британ полициясы ырастады. Полициянын айтымында, Келли колундагы кан тамырын кесип, кан кетүүдөн набыт болгон. Сөөктү ачуу анын сол колундагы кан тамыр кесилип, кандын көп кетишинен каза болгондугун көрсөттү. Сөөк жаткан жерден бычак жана ооруну басуучу дарылар да табылды, - дейт полиция басма сөз кызматынын өкүлү. Каза болгон киши Дэвид Келли болуп чыкса, анда бул окуя өтө терең иликтенип чыгышы керектигин премьер министр Тони Блэр кечээ күнү билдирген. Дэвид Келли бейшемби күнү сейилдөөгө чыгып, кайра үйүнө кайткан эмес. Ал эми жума күнү ага окшош адамдын сөөгү табылган жана полиция бул Дэвид Келли болуп чыгышы мүмкүндүгүн билдирген. Ирактын массалык кыргын салуучу куралына байланыштуу документтерди Англия өкмөтү бурмалаган деген маалыматты ВВС Дэвид Келлиден алган деген имиш тарап, Келли Британ парламентинин тийиштүү комитетинде бул чатакка байланыштуу суроолорго жооп да берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG