Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Брюсселде Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтык кеңешинин отуруму өтмөк болду


БИШКЕК. 22-июлда Брюссель шаарында Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык кеңешинин 5-отуруму өтөт. Ага Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов баштаган делегация катышат. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинен алынды. Жыйында 1999-жылы 1-июлда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн «Өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу» келишимге ылайык эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча маселелер талкууга алынмакчы. Тактап айтканда, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы алакаларды өнүктүрүүнүн жолдору боюнча пикир алмашуу болот. Отурумда Борбор Азиядагы коопсуздукту чыңдоо максатында терроризмге каршы биргелешип күрөшүү боюнча маселелер да каралат. Кыргызстандагы демократиялык процесстерди өнүктүрүү, адам укугун жана сөз эркиндигин сактоо маселелери да кызматташтык кеңешинин отурумунун күн тартибинде бар. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык кеңешинин 4-жыйыны былтыр 23-июлда Брюссель шаарында болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG