Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28
БИШКЕК. Бүгүн «Аларча-4» мамлекеттик резиденциясында «Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Анын ишине президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, жогорку сот органдарынын башчылары, саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында коомдун өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын кошкон салымына, маалымат каражаттарынын жоопкерчилигине жана бийликтин ачык саясатына байланышкан үч багыттагы маселелер талкууланды. Жыйынды биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова жана «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов алып барышты. Президент А. Акаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда былтыркыга караганда быйыл туруктуу саясий абал сакталып, экономикалык өнүгүү орун алып жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчысы «өлкөдөгү демократиялык жетишкендиктерди мындан ары өнүктүрүш үчүн биргелешкен күч-аракеттер керек» деген пикирин айтты. «Өнөктөштүк форумунун» жыйынтыгында декларация кабыл алынды.
Бирок «Өнөктөштүк форумуна» «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, «Атуулдук биримдик» кыймылынын төрагасы Жыпар Жекшеев, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун сыяктуу саясатчылар чакырылган жок. Ага карабай Турсунбек Акун «тегерек үстөлгө» өзү барып, аягына чейин катышты, бирок ага сөз берилген жок. «Өнөктөштүк форумуна» мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун колу коюлган чакыруу кагазын алганына карабай, Жыпар Жекшеевди бийлик адамдары «тизмеде жок экенсиз» деп, мамлекеттик резиденцияга киргизүүдөн баш тартышкан. «Өнөктөштүк форумунда» Жыпар Жекшеев президент Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө шайлоого барбашына, шайлоолордун партиялык тизме менен өтүшүнө байланыштуу орчундуу маселелерди козгоого ниеттенген.

«Тегерек үстөлгө» катышкан «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев азыр түрмөдө отурган Феликс Куловду бошотуу жана партиянын мүчөлөрүнө куугунтукту токтотуу боюнча маселе козгоду. «Өнөктөштүк форумунда» сөз сүйлөгөн президент А. Акаев «Ф.Кулов саясий заказ менен эмес, мыйзам чегинде жоопко тартылганын» белгиледи. 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышуу боюнча пикирин айткан мамлекет башчысы, «буга чейин бул маселе боюнча эки ирет өз оюмду айткам жана Конституциянын жаңы редакциясында кандай жазылса ошону катуу карманам» деп билдирди. Анын айтымында, президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өз убагында, Конституциянын жаңы редакциясында кайсы мөөнөт көрсөтүлсө, дал ошол мөөнөттө өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG