Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

КЫРГЫЗСТАНГА БЕРИЛГЕН ЖАРДАМ, ЧЕК АРАДА АТЫЛГАН КЫРГЫЗ АТУУЛУ, ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВДИН УБАДАСЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек шаары Бул аптада Кыргызстанга Эл аралык Валюта Кору 13 млн. доллар бөлдү. Кыргыз-өзбек чек арасында өзбекстандык аскер кыргыз атуулун атып салып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кыйла солгундай түшкөнсүдү. Бишкекте көптөн бери сөз болуп келаткан «Өнөктөштүк форуму» өтүп, анда азыркы мамлекет башчысы А. Акаев кийинки президенттик шайлоого катышпай тургандыгын ачык айтты.

Бул аптада Эл аралык Валюта Фонду Кыргызстанга өкмөт тарабынан иштелип чыккан Экономикалык өнүгүү жана жардылыкты азайтуу программасын каржылаш үчүн 13 млн. 200 миң доллар бөлдү. Ал эми Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга айыл чарбасын өнүктүрүүгө 15 млн., кыргыз өкмөтү 3 млн. доллар кредит бөлмөк болушту. 2004-жылдан 2007-жылга чейин эсептелинип, быйыл августтан тартып ишке кире турган «Айыл чарба инвестициялары» долбооруна кошумча катары Жапониянын өкмөтү 1,2 млн. доллар бөлөт. Долбоорго Кыргызстандын 50 айыл өкмөтү тартылат. Мындан тышкары, Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы менен Кыргызстандын Финансы министрлигинин ортосунда Мамлекеттик карызды реструктуризациялоо боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду.

Ал арада кыргыз-өзбек чек арасында өзбекстандык чек арачынын аткан огунан Кыргызстандын атуулу, Карасуу шаарынын тургуну, 1982-жылы туулган Адылжан Үркүнбаев каза тапты. Ушундан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Алишер Салахитдиновду чакырып, ага эки нааразылык нотасын тапшырып, өзбек бийлигине Адылжан Үркүнбаевди аткан аскерди жазага тартуу маселесин койду. Экинчи нааразылык нотасында расмий Бишкек Өзбекстандан чек араны минадан тазалоону жана мина талааларынын картасынын бир нускасын тез арада берүүнү талап кылды. «Кыргызстан эл аралык террорчуларга өз аймагын өткөөл катары пайдаланууга жол бербей тургандыгын далай ирет баса көрсөткөн… Кыргыз эли өз уулдарынын өмүрүн берип жатып, бүт Борбордук Азиядагы коопсуздукту сактап калган», - деп айтылат нааразылык нотасында. Айтмакчы, Кыргызстандык жоокерлердин мындай ролун журналисттер мындан эки-үч жыл мурда эле жазып келишкен.

Кечээ болсо «Аларча-4» мамлекеттик резиденциясында «Үчүнчү миң жылдыктагы кыргыз мамлекеттүүлүгү: мамлекеттик бийликтин жана жарандык коомдун өнөктөштүгүнүн жаңы жолдору жана өбөлгөлөрү» аттуу «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Анын ишине президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, жогорку сот органдарынын башчылары, саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында коомдун өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын кошкон салымына, маалымат каражаттарынын жоопкерчилигине жана бийликтин ачык саясатына байланышкан үч багыттагы маселелер талкууланды. Жыйынды биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликова жана «Эл» партиясынын жетекчиси Мелис Эшимканов алып барышты. Бирок «Өнөктөштүк форумуна» «Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров, «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев, «Атуулдук биримдик» кыймылынын төрагасы Жыпар Жекшеев, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун сыяктуу саясатчылар чакырылган жок.

«Тегерек үстөлгө» катышкан «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев азыр түрмөдө отурган Феликс Куловду бошотуу жана партиянын мүчөлөрүнө куугунтукту токтотуу боюнча маселе козгоду. Бирок «Өнөктөштүк форумунда» сөз сүйлөгөн президент А. Акаев ага каршы чыкты.

- Феликс Куловго байланыштуу кылмыш иши ал оппозициячыл саясатчыга айлана электе, мамлекеттик жогорку кызматта иштеп жүргөн учурда, тактап айтканда, ал Улуттук коопсуздук кызматын жана Бишкек шаарын башкарып турган учурда эле козголгон болчу. Мен анын ишин саясатка такап жаткандарга таптакыр макул эместигимди билдирем, - деди Аскар Акаев. Муну мамлекет башчысы Куловдун бошотулушуна дале болсо караманча каршы деп түшүнсө болот. Адатта анын мындай жыйындарда айтылган расмий билдирүүлөрүн айрым тартип коргоо жана сот органдары түздөн-түз көрсөтмө катары кабыл алышчу эле. Демек, Феликс Куловдун эркиндикке чыгаар жолунда өтө зор тоскоолдуктар турат десе болчудай.

Дегинкиси бул форумдун эң эле маанилүү маалыматы - 2005-жылдагы президенттик шайлоого барууга укугу жоктугун мамлекет башчысынын өзүнүн ачык айтканы болду.

- Мен буга чейин эки жолу бул суроого ачык жана так жооп бергемин. Конституциянын жаңы редакциясында мага жаңы мандат берилбей тургандыгы ачык жазылган. Ошондуктан, келгиле, буга акыркы чекит коелу, - деп билдирди президент. Анын айтымында, президенттик, парламенттик жана жергиликтүү шайлоолор өз убагында, Конституциянын жаңы редакциясында кайсы мөөнөт көрсөтүлсө, дал ошол мөөнөттө өткөрүлөт. Албетте, мамлекет башчысынын мындай чоң жыйында берген убадасы кантип аткарылаарын турмуш көрсөтөөр. Бирок эмнеси болсо да ушул күндөн тартып өлкөдөгү башкы бийликке үмүт арткандардын арасында чоң оюндар башталаары анык болуп калды.
XS
SM
MD
LG