Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

БИ-БИ–СИ МАРКУМ КЕЛЛИ МААЛЫМАТ БУЛАГЫ БОЛГОНУН ЫРАСТАДЫ, БЛЭР КЫЗМАТЫНАН КЕТПЕЙТ


Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарда жүргөн британ премьери Тони Блэр коргоо министрлигинин кеңешчиси маркум Дэвид Келлинин иши боюнча тергөөдө көрсөтмө берүүгө даяр экенин,өкмөттүн кетирген катачылыктары үчүн жоопкер болорун, бирок аталган окуяга байланыштуу кызматынан чегинбесин билдирди. Баяндамачылар Дэвид Келлинин табышмактуу өлүмү Блэрдин бул иш сапарына көлөкө түшүргөнүн белгилешти. Дэвид Келлинин өлүмүнөн соң британ премьеринин дарегине отставкага кетүү жана Азиядагы визитин кыскартып, мекенине кайтуу чакырыктары айтылган эле. Ал эми Би-Би-Си анын менен британ өкмөтүнүн ортосундагы чатакка өбөлгө берген маалымат маркум Дэвид Келлиден алынганын ачыкка чыгарды.

Британ өкмөт башчысы Азия өлкөлөрү боюнча азыркы иш сапарынын алкагында алгач токтогон Жапонияда мекендеш журналисттердин бири Тони Блэрди "колуңуз канга булгандыбы, кызматтан кетесизби?", - деп жарга такады. Жапон өкмөт башчысы Д.Койидзуми менен чогуу өткөрүп жаткан маалымат жыйынында берилген бул ачык суроого Тони Блэр жооп бербей кутулган эле. Бирок кийинчерээк британдык "Скай Ньюс" телеканалына берген маегинде Блэр кызматтан чегинбесин айтып, ошондой эле оппозициянын тезинен мекенине кайтуу жана парламенттин чукул жыйынын өткөрүү талаптарын четке какты. Ал жекшембиде Түштүк Кореяда болгон учурунда маркум Дэвид Келлинин иши боюнча тергөөдө көрсөтмө берүүгө, өкмөттүн кетирген катачылыктары үчүн жоопкер болууга даяр экенин белгилеп, калемгерлерди кандайдыр бир жоромол жасоого ашыкпай турууга чакырды.

Ал эми Би–Би-Си аны менен британ өкмөтүнүн ортосундагы чатакка өбөлгө берген маалымат маркум Дэвид Келлиден алынганын ырастады. Би-Би-Синин кабарчысы Эндрю Гиллиган май айындагы репортаждарынын биринде өкмөт адамына шилтеме берип, Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгындоо маалыматтары бурмалаганы тууралуу айткан. Андан бери Би-Би-Си ошол маалымат булагын ачыктоодон баш тартып жүргөн эле. Эми Би-Би-Синин өкүлү Ричард Самбруктун билдиргенине караганда, маркум Дэвид Келлинин үй-бүлөсү менен макулдашылган соң, ал маалымат булагы болгонун ырастоо ылайык деп табылды.

Кезинде БУУнун курал – жарак инспектору болуп иштеген Дэвид Келли өлөрүнөн эки мурда эле ушул маселе боюнча иликтөө өткөрүп жаткан британ парламентинде көрсөтмө берип, өзүнө карата айтылып жаткан шек саноолорду төгүндөгөн болчу. Парламенттин атайын комитети өкмөт Ирак согушунун алдында андан келген коркунучту чын эле апыртып жибергенби деген маселени териштирүүдө. Сөөгү жума күнү үйүнөн алыс эмес жердеги токойдон табылган Дэвид Келли, британ полициясынын ырастоосунда, сол билегинен кан тамырларын кесип, өз жанын өзү кыйган.

Айтор бир катар баяндамачылардын пикиринде, жогорудагы чатак британ премьеринин Азиядагы иш сапарына көлөкө түшүрдү, өкмөттүн беделине урулган чоң сокку болду. Атүгүл айрым британ гезиттери бул окуя өкмөттү кризиске алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.

Ал эми Тони Блэрдин Жапония, Түштүк Корея жана Кытай боюнча сапарында талкууланып жаткан негизги маселелердин бири - Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы, бул багытта былтыр күздө тутанган кризисти жоюунун жолдору. Блэрдин эсебинде, Түндүк Кореядан коркунуч бар экени талашсыз жана кризисти жөндөө үчүн көп тараптуу сүйлөшүү өтүшү зарыл:

- Диалог көп тараптуу болуп, ага адегенде АКШ, Кытай, Түндүк Корея тартылышы керек.Бирок андан соң бүткүл чөлкөм Түндүк Кореяга "өзөктүк курал программасын өнүктүрүү, дүйнөдө жайылтылып жаткан өзөктүк технологияларды экспортоону улантуу ылайыксыз" деген катуу эскертүү берүү үчүн Жапония менен Түштүк Кореянын да катышуусу жана таасири зарыл.

Түндүк Кореяны өзөктүк куралдар программасынан айнытуу үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ага Жапония, Кытай, Түштүк Корея тартылыш керектигин АКШ да талап кылып келүүдө. Жапония жана Түштүк Кореядан соң британ премьери Кытайга келди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG