Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери «Өнөктөштүк форумуна» катышуудан баш тарткан оппозиция өкүлдөрүн сынга алды


БИШКЕК. Кыргызстан коммунисттик партиясы оппозициянын айрым өкүлдөрүн кечээги «тегерек үстөл» жыйынына катышуудан баш тартышкандыгы үчүн сынга алууда. Партиянын жетекчилиги белгилегендей, мындай жыйындарды оппозиция бийлик өкүлдөрүнө өз талаптарын айта ала турган шарт катары карашы керек. «Абсамат Масалиев баш болгон оппозиция бул «тегерек үстөл» жыйынына барышы керек эле. Анткени алар ошол жерде өздөрүн бийлик Конституциялык Кеңеш түзүлгөндө кантип алдаганын жана көптөгөн башка олуттуу көйгөйлөрдү бийлик башчыларына айтышы керек эле», - дейт Кыргызстан коммунисттик партиясынын лидери Клара Ажибекова. Кечээги «Өнөктөштүк форумуна» катышуудан Кыргызстан коммунисттер партиясы, Кыргызстан прогрессивдүү партиясы жана «Асаба» кайра жаралуу партиясы баш тартышкан.



Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG