Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Ирандын реформачыл депутаттары өлкөнүн сот системасын сынга алды


Ирандын реформачыл парламентарийлери канадалык журналист-фотограф Захра Каземинин камакта өлүшүнө байланыштуу консервативдүү сот системасын айыптады. Бул маселе боюнча бүгүн жүргүзүлгөн талкууда депутат Мохсен Армен, Тегерандын прокурору Саед Мортазавини күнөөлөдү. Армендин айтымында, Каземи камакка алынып, абакта сабалган жана анын айынан жан таслим болгон. Бул Ислам Иран Республикасынын эл аралык аброюна терс таасирин тийгизгенин да Мохсен Армен белгиледи. 54 жаштагы Захра Каземи июнь айында Иранда орун алган демонстарцияларды сүрөткө тартып жүргөн убакта, прокурор Мортазавинин чечими менен камакка алынган жана андан кийин абакта каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG