Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

ТҮРМӨНҮН ТАМАК-АШЫ ОҢОЛМОЮН ООРУ ЖОГОЛБОЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Учурда Кыргызстанда камакта жаткандардын саны 17 миң. Бул ар бир 100 миң кишинин 350 камакта жаткандыгын ырастоочу сан. Кыргызстандын абактарында нормадан ашыкча көп адам отургандыгы, тамак-аштын начардыгы жугуштуу илдеттердин кулач жайышына жагымдуу шарт түзүүдө. Юстиция министрлиги эларалык уюмдар менен бирдикте системаны реформалоого киришип, ириде абактагылардын жугуштуу дартка чалдыгып, боштондукка чыккандан кийин айланасындагылар коркунуч келтирбеши үчүн аракеттерди көрө баштады. 21-июлда Бишкекте «Абактагылардын саламаттыгын сактоо» деген семинар болуп өттү.

Кыргызстанда түрмөдө отурган адам бир бүдүр эти жок, шылдыр сууга бышырылган тамак ичет. Анда-санда гана май көрбөсө, көбүнчө сууга кайнатылган ботколорду жегенге мажбур. Мындан дурусурак тамакка мамказынадан бөлүнгөн акча жетпейт. Абактагы бир адамдын карды үчүн күнүнө 10 сомдон 16 сомго чейин гана каралган. Алсыз организм инфекцияны бир заматта оп тартып аларын семинарда медиктер гана эмес башка да адистер белгилешти. Ырасмий маалымат боюнча, Кыргызстандын абактарында жаткан 4,5 миң адам кургак учук дартына кабылган. Юстиция министрлигинин кызматкери Анварбек Кадыровдун айтымында, бошонгон 1 кишиден 80-100 адамга кургак учук жугушу ыктымал. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган амнистияда кургак учук менен ооругандар бошотулушу тууралуу берене бар болчу. Жогорку Кеңештеги талкууда биртоп депутаттар кургак учукка кабылгандарды дароо бошотуп жиберүүгө каршы чыккан. Ошентип бул жолу темир тордон кутулчу кишилердин катарына кургак учук менен ооругандар кошула албай калды.

Юстиция менен саламаттык сактоо министрлиги келечекте мындай адамдарды түрмөдөн чыгарбай туруп биротоло дарылоону көздөп турат. Бирок, юстиция министрлигинин абактарды реформалоо бөлүмүнүн кызматкери Марат Жаманкуловдун айтымында, буга чоң даярдык керек. Азырынча буга бүгүнкү дараметибиз жол бербей турат.

Темир тордогу коркунучтуу оорулардын ичинде кургак учуктан кийинки орунда - СПИД. Камактагылардын 200гө чукул адамында бул дарт аныкталган. БУУнун өнүктүрүү программасынын СПИД боюнча адиси Лариса Башмакованын билдиргенине караганда, былтыр Кыргызстанда СПИД менен ооруган 9 адам аныкталса, анын алтысы жарым жыл ичинде эле каза тапкан.

Юстиция министрлигинде жаңы ачылган медициналык бөлүм келечекте түрмөлөрдөгү дарттар тууралуу маалыматты топтоп, компьютерде сактоону пландоодо. Лариса Башмакова семинардын катышуучуларына атайын кайрылды. Ал СПИД дартына чалдыккандарга аяр мамиле жасоону өтүндү. Анын айтымында, эларалык тажрыйбада жана жергиликтүү мыйзамда СПИД менен ооругандыгы тууралуу маалымат жашыруун сыр катары каралган. Башмакова: «СПИД менен ооругандар темир тордогулардан обочолонтуп, өзүнчө бөлүнбөйт. Эгерде ал адам баңги же бачабаз болбосо жана өзүн туура алып жүрсө жанындагылар үчүн коркунучтуу эмес»,- дейт.

Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаны аткаруу башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, абактагылардын 20 % жылыга кургак учук, СПИД, холера жана дизентерия өңдүү дарттардын өтүшүп кетишинен каза табышат. Буга абактагылардын көөнүн калтырып бүткөн сууга кайнатылган ботконун да салымы зор.

Юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбаевдин пикиринде Кыргызстандын абактарында тамак-аш жылдан-жылга оңолуп баратат. Кыргыз өкмөтү келерки жылдарда камактагылардын кардын жакшылап тойгузууга каражат табуу аракетин көрүүдө. Таштемир мырза түрмөдө абдан жакшы жана таланттуу адамдар да жолугарын семинарда айтып отурду. Муну мамлекеттик деңгээлдеги чиновник эми гана түшүнгөндөй түрү бар. Колунда эчтекеси жоктордун балдары тоок уурдаган өңдүү майда кылмыш менен камалып атканынан түрмөлөрдө эки бутту жазып кенен жатып уктаганга орун жок. Ачкачылыктан бир тоок уурдаган шордуу эки жылга кесилип, ошол бир тооктун айынан абактан кургак учукту жуктуруп чыгып аткан фактылар арбын.

Таштемир Айтбаев жакын арада чакан бир топту уюштуруп алып, кайсы бир түрмөгө бармак болду. Баарын өз көзү менен көрүп келиш үчүн. Генерал жакында балдар колониясында болуптур. «Мен балдар колониясына барып, көздөрү жанып турган, таланттуу балдарды көрүп келгенден кийин 1 айдан кийин араң өзүмө келдим», - деди Таштемир Айтбаев.

Учурда Орто Азия мамлекеттеринде абактарды реформалоо процесси жүрүп аткан кез. «Penal reform International» эларалык уюмунун Орто Азиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Гүлнара Калиакбарованын айтымында, Казакстан башка мамлекеттерден реформаны биринчи баштаган. Бирок, Казакстан деле башынан абдан оор күндөрдү өткөрдү, - дейт ал

Казакстанда 95-96- жылдары кургак учуктан каза болуу эң бийин чокусуна жеткен. Ошол жылдары жылына 1200- 1300 киши каза тапчу. Бул деген бир түрмө бүт кырылып калды деген сөз. Казак өкмөтү Голландиядагы Нидерланд королдугунун кургак учукка каршы ассоциациясынын жардамы менен бул кырдаалды жумшарта алды. Бирок, азыр деле Казакстанда кургак учук абактарда көбүрөк. Казакстан абак системасын реформалоону эң биринчи баштаган. Чоң деле ийгилик жок, бирок бир аз жылыштар бар.

Кыргыз абактарында бүгүнкү кырдаалда медициналык кадрлар тартыш. Кыргыз парламенти азырынча «Пенитенциардык система органдары жана мекемелери жөнүндө» мыйзамды кабыл ала элек. «Эгер бул мыйзам турмушка кирсе, мыкты кадрларды тартууга шарт пайда болмок» дейт Марат Жаманкулов. Бул мыйзам турмушка киргенге жараша республикалык бюджеттен каражат табылса тажрыйбалуу дарыгерлер абакта иштегенден качпай калмак.
XS
SM
MD
LG