Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

А.АКАЕВ 2005-ЖЫЛКЫ ШАЙЛООГО БАРБАСТЫГЫН АЙТТЫ, ЭМКИ СӨЗ КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТО КАЛДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек http://gdb.rferl.org/AD2E3965-B917-46AD-9E96-484DEFB39F87_w203.jpg 19-июлдагы өнөктөштүк форумунда президент Аскар Акаевдин 2005-жылы «президенттик шайлоого катышууга мага Конституциянын жаңы редакциясы жол бербейт» деп дагы бир жолу бышыктоосу коомчулуктун колдоосуна алынып жатат. Бирок, президенттин бул айтканына ишенбөөчүлүк менен карап жаткандар да бар. Президент өзү Башмыйзам уруксат бербейт дегени менен, Конституциялык сот парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Азимбек Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Аскар Акаевди 2005-жылы президенттик шайлоого катышып берүүсүн жазында Ош университетинде болуп өткөн форумда жаш окмуштуулар суранышса, экинчи жолу Нарын университетинде сөз болду. Ал эми президент Аскар Акаев өзү шайлоого барбастыгын 19-июлда өнөктөштүк форумунда дагы бир жолу ырастады:

- Мен буга чейин эки жолу ага ачык жана так жооп бергемин. Конституциянын жаңы редакциясында мага жаңы мандат берилбестиги ачык жазылган. Ошондуктан келгиле, буга акыркы чекитти койолу! Дагы кошумчалап кетээрим, 2005-жылкы президенттик шайлоо Конституциянын жаңы редакциясынын талабына ылайык, демократиялык принциптер катуу сакталуу менен өткөрүлөт.

Президенттин бул пикири коомчулукта ар кыл жоромолдорду жаратууда. Айрым байкоочулар «мамлекет башчысы өзү «мага Конституциянын жаңы редакциясы жаңы шайлоого катышууга жол бербейт» деп ачык айтып жатса, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун «2005-жылы президент Аскар Акаев дагы бир жолу шайлоого катышууга укуктуубу?» деген суроосуна жакында эле Конституциялык сот ачык жооп бербей койгонун кандай түшүнсө болот?», деген суроону коюп жатышат. Ал эми Азимбек Бекназаров Конституциялык соттун жооп бербей коюшун мындайча түшүндүрөт:

- «Акаевге отставка, эл үчүн реформа кыймылынын тапшырмасы менен мен Конституциялык сотко «Конституциянын жаңы редакциясы боюнча Аскар Акаев 2005-жылы шайлоого баралабы? Ушуга корутунду бериңиз деп» кайрылдым эле. Ал жактан жеке адам катары кайрылдыңыз, деп мага жооп берүүдөн баш тартты. Ошондуктан мен «Асаба» партиясынын атынан дагы экинчи жолу кайрылып жатам, расмий түрдө жооп беришин өтүнүп. Бирок мен ишенем, Конституциялык сот мага дагы расмий жооп бербейт. Себеби, азыр кандайдыр бир чечим бергенден коркот».

Тилекке каршы, бийлик өкүлдөрү бул маселе боюнча так пикир айтуудан чочулап жаткандай. Биз кайрылган адамдардан «азырынча айтпай койо туралычы» деген жоопту угуп жатабыз. Алардан айырмаланып, шаар тургундары, алардын арасында юстиция министрлиги каттоодон баш тарткан Кыргызстан патриоттук партиясынын башкы катчысы Назарбек Нышанов президенттин ачык айткан пикирин колдоорун билдирди:

- Президент Конституция боюнча баралбайм деген пикирин билгизгени жакшы болду, эл үчүн бир жаңсыл пикир жаралды. Элде жаңы президент шайлайт экенбиз деген ишеним жаралды. Бирок ушул маселе эртерээк, 2000-жылга чейин чечилсе мындан да жакшыраак болмок. Бул эң сонун болду.

Шаар тургундары да бул маселе боюнча ар түрлүү пикирде. Өзүн Гуля деп тааныштырган дарыгер:

- Эгер референдум болуп, эл макулдугун берип Аскар Акаевди дагы калтырабыз десе анда ал калышы мүмкүн. Бирок, Конституцияда ал эки гана мөөнөткө шайлана алары ачык жазылган. Менин оюмча, бөлөк деле талапкерлер көп, бирок Аскар Акаевге жетиштүү талапкер жокко эсе деп ойлойм.

Дагы бир атын атагысы келбеген шаар тургуну ал баары бир айтканын жокко чыгарып, референдум жолу менен дагы бир жолу шайлоого барууга аракет кылып жатканын айтат.

- Жанагы референдумду өткөрбөдүбү Конституцияга өзгөртүү киргизебиз деп, ошолордун баары дагы бир мөөнөткө калам деп атканы менин ойумча. Анан өзү айтып жатпайбы. Анын баары калп. Жакындап калганда мына элдин баары менин калуумду суранып жатат деп шайлоого баруунун жолун табат.

Ал эми айрым саясатчылар Аскар Акаев буга чейин эле Башмыйзамды бузуп үч жолу шайлоого барганын, мындан ары шайлоого барууга эч кандай укугу жоктугун айтышат. Андай пикирди мурдагы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алманбет Матубраимов да айтып келет:

- Мен ал түгүл 1998-жылдагы Аскар Акаев дагы бир жолу шайлоого катышууга укуктуу деген Конституциялык соттун чечимин да туура эмес болгон деп эсептейм. Президент 1990-жылы Кыргыз ССРинин президенти болуп Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган. 1991-жылы бүткүл элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган. 1995-жылкы шайлоодо экинчи жолу кайра шайланган. Бардык убакта өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип келген Конституцияда президент 2 мөөнөткө гана шайланат деген чечим өзгөрүлбөй келе жатат. Ошондуктан өзүңүздөр ойлоп көрсөңүздөр, 1990-жылдан 2000-жылга чейин Аскар Акаев эки жолу шайланган. Ал эми 2000-жылы үчүнчү жолу шайланды, - деп Алманбет Матубраимов президент мындан ары шайлоого барууга эч кандай акысы жоктугун бышыктайт.

Көпчүлүк эксперттер Аскар Акаевдин «шайлоого барууга мага Башмыйзам жол бербейт» дегенин эки тараптуу карап жатышат. Биринчиси, мамлекет башчысы ушундай пикирди айтуу менен мына мага Башмыйзам дагы бир жолу мандат берүүгө тыюу салат. Аны өзгөртүп берсеңер гана мен шайлоого барууга макулмун дегенди туюнтарын, экинчиси - президент бул сөзү менен Конституциялык соттун маселени кандай чечип келгенин коомчулукка ачыктап койду дешет. Ал эми коомчулукта азырынча президент келерки шайлоого барбайт деген толук кандуу пикир орной электигин айрым эксперттер ырасташууда.
XS
SM
MD
LG