Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

ЕВРОПА БИРИМДИГИ: БИРДИКТҮҮ АРМИЯ КАЛЫПТАНУУДА


Европа Биримдигинин жаңы түзүлгөн бирдиктүү аскер тобу Македонияда тынчтык орнотуучу күчтөр катары алгачкы сынактан өткөн соң, ошондой эле максат менен Конгого жайгаштырылды. Эми болсо Нидерланды аларды Молдова менен Днестр бою аймагынын ич ара чатагын жөнгө салуу миссиясы менен чөлкөмгө жиберүү демилгесин көтөрүүдө.

14-июлда Франция улуттук майрамын – Бастилия күнүн белгилегенин айткан элек. Жыл сайын өтүүчү салтанаттар быйыл жаңы бир көрүнүш менен коштолду. Атап айтканда, өздөрүнүн улуттук аскр киймин кийген Европа Биримдигинин аскерий күчтөрүнүн жоокерлери немис генералынын баштоосунда Елисей талаасындагы салттык параддан өтүштү.

Париждеги парад жылдарга созулган кечеңдөөлөрдөн кийин жаңы эле түзүлгөн бирдиктүү армия үчүн символикалык учур болуп калды.
Март айында Евробиримдик 300 жоокерден турган чакан бөлүгүн Македонияга жиберген эле. Биримдикке мүчө жана талапкер өлкөлөрдүн аскерлеринен куралган кошуунга өкмөттүк күчтөр менен жергиликтүү албандардын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу максатында 2001-жылы түзүлгөн тынчтык келишиминин сакталышын камсыздоо вазийпасы жүктөлгөн. Европалык аскерлердин аймакта калуу мөөнөтү македон президенти Борис Трайковскийдин суранычы боюнча мурда болжолдонгон алты айдан дагы үч айга узартылышы ыктымал.

Июнда болсо Биримдиктин армиясы француз аскерлеринин жетекчилиги астында Африкадагы Конго демократиялык жумуриятына аттанды. Македониядан айырмаланып, атуулдук согуш оту тутанганы аз калган Конгодогу кырдаал - өтө кооптуу. Чыр-чатактын очогу өлкөнүн түндүгүндөгү Буния шаары болуп эсептелет. Евробиримдиктин аскерлеринин ал жердеги ыйгарым укугу катуу эрежелер менен чектелген. Ошол себептен жакында биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Хавьер Солана БУУга кайрылып, уюмдун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн Конгодогу мандатын күчөтүүгө шаштырды.

Македонияда Евробиримдиктин жоокерлери ага чейин жайгашкан НАТО күчтөрүнүн жабдыктары менен технологияларын пайдаланып келсе, Африкада алар өздөрүнүн жабдууларын сыноого мүмкүнчүлүк алышты.

Брюсселде жайгашкан Европа саясатын изилдөө борборунун аскерий эксперти Марк Хубен биримдик армиясынын ийгиликтери дагы алдыда деп эсептейт:

- Мисалы, Конгодогу операция француздар тарабынан ишке ашырылууда. Евробиримдиктин армиясы делингени менен, көзөмөл жана жетекчилик кылуу ролу француз командачылыгына берилген. Македониядагы миссия болсо анча масштабдуу эмес болгону менен, ал чоң мааниге ээ деп эсептейм.

Үстүбүздөгү аптада болсо европалык армиянын жаңы миссиясы жөнүндө алгачкы сөздөр айтыла баштады. Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы - Нидерланды Кишинев менен Днестр бою аймактын ортосундагы чатакты жөндөө максатында тынчтык орнотуучу аскерлерди чөлкөмгө жиберүү демилгесин көтөрдү.

Орустар басымдуулук кылган Днестр бою аймагы Молдованын курамынан чыгып, Россияга кошулууну көптөн бери көздөп келет. Анын бул аракеттерин Москва тымызын колдоп жүргөндүгү үчүн, Евробиримдик бул жаатта өтө этият болуп, Россияны таарынтып албагандай иш алып барышы керек, - деген оюн билдирет уюмдун саясат жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Маурицио Мелани.

Айрым булактардын маалыматына караганда, бул маселе комитеттин 22-июл күнкү жыйынында формалдуу түрдө талкууланмакчы. Бирок төрага Меланинин айтымында, тынчтык оронтуучу күчтөрдү Молдовага жиберүү жөнүндөгү чечимдин жакын арада кабыл алынышы күтүлбөйт.

Европадагы реформалар борборунун кызматкери Хизер Граббе ушундай миссиянын мааниси өтө жогору болоорун белгилейт:

- Европа Биримдигинин коңшу өлкөлөргө карата саясаты үчүн бул абдан маанилүү учур. Бул эки негизги суроого байланыштуу маселе. Биринчиден, биримдик жаңжалдарга канчалык деңгээлде аралашууну каалайт, ал чатакатарды алдын алуу максатын гана көздөйбү? Деги ал Балкандагы каталарын кайталабоого жетишеби?

Адистердин оюнча, Европа биримдигинин армиясынын тагдыры жалпы эле биримдиктеги болочокку саясий стратегиянын иштелип чыгышы менен тыгыз байланыштуу. Бул жаатта болсо жасалгандан жасала элек иштер көп.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG