Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

КЫТАЙДА БАРЫМТАДА ЖАТКАНДАРДЫ КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ БОШОТУУГА КЫЗЫКДАРБЫ?


Кытай Эл Республикасына соода жасоо максатында барган бир катар кыргызстандыктар алган товарларынын ордуна жергиликтүү соодагерлердин колунда барымтада калып, айлап-жылдап жатып калган фактылар белгилүү. Мына ушундай тагдыр менен Кытайда жаткан кыргызстандык 5 атуул жакында кыргыз-кытай чекарасын кесип өтүп, кайтып келатышканда чекара кызматы тарабынан кармалышкан.

Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунун, аймагына соода жасоо максатында барышып, өз эрки менен барымтага түшүп беришкен кыргызстандыктардын саны 40 жакын. Мындан тышкары баңгизаттарды сатуу, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарды жасаган Кыргызстандын бир нече атуулдары да Кытайдын түрмөлөрүндө кармалууда. Мындай маалымат Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаевден 21-июлда алынды:

- Жыл сайын эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда сүйлөшүүлөр болот, натыйжада алардын айрымдарын чыгарып келебиз. Түпкү тегинде, товардын ордуна тирүү адам барымтада калбашы керек. Биздин эсеп боюнча, 35-40 киши жатат. Мындан тышкары, киши өлтүрүп Кытайдын түрмөсүндө жаткандар бар.

Руслан Казакбаевдин айтымында, кыргызстандык соодагерлер Кытайдагы ишкерлерден акчасын сатып бүткөндөн кийин берем деп ири суммага товар алышат. Товардын ордуна жакын тууганын же өнөктөшүн, досун, айтор, тирүү адамды барымтага калтырышат. Жергиликтүү соодагерлер адатта, барымтага калган адамдын паспортун дароо алып коюшат да, ал адамдын өзүн көбүнчө үй түрмөгө кармашат. Руслан Казакбаевдин айтымында, аларга кордук көрсөткөн фактылар жокко эсе:

- Биздин Нарындагы консулубуз барып келген. Анын айтымында, барымтага кармалгандардан зордук-зомбулук көргөндөр жок андай.

Барымтада, түрмөдө жаткан мекендештерибизди Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөр Кытай тарап менен дайыма жүргүзүлүп келатат. Атургай бул маселени президент Аскар Акаев былтыр Кытайга жасаган сапары учурунда да көтөргөн:

- Былтыр биздин президент Кытайда болгондо бул маселе козголгон.

Руслан Казакбаевдин айтымында, чекара кызматынын Нарындагы бөлүгү Кытайда барымтада жатып, алардын колунан качып чыгып, чекараны кесип өтүп өз мекенине кайтып келатышкан 5 атуулду июнь-июль айларында кармады. Акыркы жолу 15-июлда чекарачылар Кыргызстандын атуулу, 25 жаштагы Ынтымак Молдобаевди кармап алышты. Ынтымак Молдобаев кытайлык ишкерлерге карызын төлөй албай, 2001-жылдан бери барымтада кармалган. Ал тууралуу Чекара кызматынын Нарындагы бөлүгүнүн башчысы Чолпонбек Турусбеков мындай дейт:

- Ынтымак Кытайда 2 жыл барымтада жаткан. Оор эле шартта күн көргөн. Бир туугандары эч жардамга келалган эмес жана көп жерге кайрылышкан. Бирок, биздин бийлик олуттуу жардам беришкен эмес. Анан Ынтымак бир машиненин кузовуна атайын бир тайник (жашыруун жай) жасатып, ошого жашырынып келаткан жеринен биздин кызматкерлер кармап алышкан.

Чолпонбек Турусбеков чекараны кесип өтөөрдө кармалган кыргызстандыктарды кылмышкер катары карабай, аларга гумандуу мамиле жасоо керек деген пикирде:

- Биздин мамлекет үчүн жаман иш кылышкан жок. Чекарачылар аларды кармап жатканда кыйынчылык, кошумча түйшүк алып келген жок. Ошондуктан мен жыйынтыгын чыгарып жатканда биздин бул атуулдарыбызга административдик гана жаза колдонгула деп жазып берем.

Барымтада жаткандар кыргыз атуулдары көбүнчө Кытайдын Үрүмчү, Артыш, Топо шаарларында. Чекара кызматынын Нарындагы бөлүгүнүн башчысы Чолпонбек Турусбековдун айтымында, өз үй, өлөң төшөгүнө жеталбай Кытайда жаткан кыргызстандыктардын саны 100дөн ашуун:

- Менин эсебимде, 90-100дөй киши бар болуш керек.

Эл аралык миграция уюмунун (International Organization for Migration (IOM)) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн адам сатууга каршы күрөш программасынын жетекчиси Дамира Сманалиева өз эрки менен Кытайда барымтада кармалып жаткандарды адам сатуунун курмандыгы болгонбу же жокпу, муну- тыкыр иликтеп көрүү керек деген пикирде:

- Биздин социологдор Нарынга барып келишти. Алардын айтымында, Кытайга барымтада калгандар өз эрки менен товардын, акчанын ордуна калышат экен. Эч ким аларды мажбурлабайт экен. Бул жерде проблема бар. Бирок бул кул сатууга киреби, жокпу – аны биз изилдеп жатабыз. Бирок, муну олуттуу проблема деп эсептейм.

Айта кетүү керек, 14-июндан тартып Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара каттамга визалык тартип киргизилди. Буга байланыштуу макулдашууга өткөн жылдын 24-июнунда кол коюлган. Ага ылайык, эки өлкөнүн кызматтык жана дипломатиялык паспорту жок атуулдары виза ачтырып гана каттай алышат.

XS
SM
MD
LG