Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Иракта Америка аскерлерине кол салуулар уланууда


Айданбек Акмат уулу, Прага

Багдаддагы бүгүнкү жардыруудан бир америкалык аскер жана ирактык котормочу каза болду. Ал эми Ирактын өкмөттүк кеңеши бүгүн негизги министрлерди дайындоо боюнча жабык эшик артында жыйын өткөрдү. АКШнын Ирактагы күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Жон Абизаиддин билдирүүсүнө караганда келээрки айда Ирактагы коалициялык күчтөргө каршы чабуул күчөйт. Абизаид Ирак өкмөт кеңешинин түзүлүшүн жогору баалап, бирок биздин душмандар мындай тынчтык жараянына каршы турушат, - деди. Иракта түзүлө баштаган «атуулдук коргонуу күчтөрү» АКШ аскерлерине чабуул жасагандарга каршы күрөштө жардам берет деген Абизаид, 850 кишиден турган 8 Ирак батальону түзүлүп, алар 45 күндөн кийин кызматка даяр болорун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG