Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

ӨКМӨТТҮК ДЕЛЕГАЦИЯ БРЮССЕЛГЕ ЖӨНӨП КЕТТИ


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орунбасары Курманбек Осмонов баштаган делегация Брюсселге жөнөп кетти. Өкмөттүн пресс-кызматынын дүйшөмбүдөгү кабарлоосуна караганда, делегация Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтык боюнча кеңешинин 5-отурумуна катышат. Кыргызстан менен Европа биримдиги өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга 1999-жылдын 1-июлунда кол коюшкан. Кызматташтык кеңешинин отурумунда эки тараптын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кызматташуусу, чөлкөм коопсуздугу маселелери талкууланат. Делегация Европа биримдигин Кыргызстандагы демократиялык жараян, адам укугунун жана сөз эркиндигинин сакталышы тууралуу маалымдар кылат.

XS
SM
MD
LG