Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:20

«Сорос-Кыргызстан» кору пенитенциардык системадагы реформага көмөктөшөт


БИШКЕК.«Сорос-Кыргызстан» Фонду менен юстиция министрлиги биргелешип «Кыргыз Республикасында пенитенциардык системаны реформалоого көмөктөшүү» деп аталган долбоорун ишке ашыра башташты. Бул долбоордун алкагында юстиция министрлигинин алдында жаза өтөп жаткандарга укуктук жактан жардамдарды көрсөтүү боюнча борбор түзүлүп, жалпысынан өлкөдөгү жаза өтөө системасындагы оор абалды жакшыртуу багытында иш-чаралар жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу 21-июлда Бишкекте «Жаза өтөө жайларындагы саламаттыкты сактоо» деген темада өткөн тегерек үстөл жыйынында айтылды. Юстиция министринин орун басары Таштемир Айтбав маалымдагандай, жакында министрликтин алдында Кыргызстандагы жаза өтөө жайларындагы саламаттыкты сактоону жакшыртуу максатында атайын медициналык бөлүм түзүлдү. Жыйындын катышуучулары түрмөлөрдөгү санитардык-гигиеналык абалды жана анда жаткандардын саламаттыгын сактоону жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан да каржылык жардам көрсөтүлүшү тийиш деген пикирлерин айтышты. Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Кыргызстанда түрмөлөрдө отургандардын саны 17 миңге жеткен. Башкача айтканда, Кыргызстандын 100 миң калкына 350 жаза өтөө жайларында отурган адам туура келет.

XS
SM
MD
LG