Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

ӨЗБЕКСТАН ЧЕК АРАНЫ ТАКТООНУН СОЗУЛУП КЕТИШИН КЫРГЫЗСТАНДАН КӨРҮҮДӨ


БИШКЕК. Бүгүн Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги 16-июлдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы чатакка байланыштуу билдирүү таратты. «АКИпресс» маалымат агенттиги кабарлаганга караганда, Өзбекстан элчилиги чатактын чыгышына кыргызстандык атуулдар күнөөлүү деп эсептейт. Элчиликтин маалымдашынча, 16-июлда кыргыз атуулдарынын тобу чек арадан уруксатсыз өтүү аракетин жасашкан. Алардын жолун тоскон өзбекстандык чек арачыларды таш менен уруп, күйүүчү зат бар бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Кыргызстан тарап өзбекстандык чек арачылардын кишиге каршы ок атуусун туура эмес деп эсептеп, аларды жазага тартууну талап кылган. Өзбекстан чек арадагы чатак кыргыз бийликтеринин, кыргыз чек ара кызматынын кайдыгерлигинен улам чыккан деп билдирет. Билдирүүдө Өзбекстан чек арачыларга каршылык көрсөтүп, чек арадан мыйзамсыз өтүү аракетин жасагандарды жазалоону, кыргыз-өзбек чек арасын аныктоону ылдамдатууну талап кылган. Өзбекстан элчилигинин маалымдашынча, чек араны аныктоонун созулуп кетишине Кыргызстан күнөөлүү. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөр башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, 16-июлдагы чатак тууралуу биргелешкен протокол алына элек. Министрлик азыр талаштуу маселени тактоонун үстүндө иштөөдө. Тышкы иштер министрлиги 18-июлда Өзбекстанга чек арадагы жаңжалдан кыргызстандык атуул набыт болгондугу, өзбек чек арачыларынын кыргыз атуулдарына курал колдонуусу эки өлкөнүн достук мамилесине кайчы келээрин билдирип, нааразылык нота жиберген. Кыргызстан Өзбекстандан чек арадагы мина коюлган жерлерди биргелешип тазалоо, чек ара жаңжалын жеринде биргелешип текшерүү сунушун билдирген.

XS
SM
MD
LG