Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:44

Оппозициялык партиялар менен бейөкмөт уюмдар Билдирүү таратат


БИШКЕК. Кыргызстандагы оппозициялык көз караштагы айрым партиялар жана бейөкмөт уюмдар Билдирүү даярдашууда. Алар белгилегендей, 19-июлда Бишкекте өнөктөштүк форуму өтүп жаткан учурда анын айрым катышуучуларына карата сот, прокуратура жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр орун алды. Партиялар тарабынан мындай чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев мындай деп билдирди: «Саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдарынын мындай Билдирүү даярдап жаткандыгы табигый көрүнүш. Тегерек үстөл жыйынына катышам деген айрым оппозициялык партиялар катыша алган жок. Менин, маселен, жыйынга чакыруу кагазым болгондугуна карабастан, мени бийлик өкүлдөрү автобустан күч менен түшүрүп салышты. Бул жыйында эң биринчи кезекте бийлик оппозициянын өкүлдөрү менен сүйлөшүшү керек эле. Ал эми бийлик өзү түзүп алган партиялар чындыкты айта алышпайт», - дейт Ж. Жекшеев. Айрым өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилери болсо ишембидеги тегерек үстөл жыйындын натыйжасына дурус баа беришүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG