Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:02

ДАУД-ХАНДЫН КАБУЛДАГЫ САРАЙ ТӨҢКӨРҮШҮНҮН ОТУЗ ЖЫЛДЫГЫ


Мындан отуз жыл илгери дал ушул айда Ооганстанда сарай төңкөрүшү жүзөгө ашырылган. Италияга убактылуу токтогон кезинде ооган падышасы Захир шах тактыдан кулатылган. Анын тууганы, колбашчы Мухаммед Дауд-хан өзүн президент жарыялаган. Ооганстандын соңку азап-тозокторунун башаты ошол күндөргө барып такалат.

Мындан отуз жыл илгери деле июль айы азыркыдай аптаптуу болсо керек. Ооганстанды кырк жылдай бийлеген падыша Захир-шах 1973-жылы дал ушул айда Британияга дарылануу үчүн жөнөп кетти. 17-июлда падыша өз үй-бүлөсү менен Италияга кыска убакытка токтогон кезде, Кабулда анын бөлөсү, армиянын колбашчысы, генерал Мухаммед Дауд-хан төңкөрүш жасады.

Жеке бийликти тартып алып, өзүн падыша деп жарыялоо үчүн өтө негиздүү жүйөө керек эмеспи. Анын үстүнө, ынанымдуу жүйөөсү жок эле тактыны тартып алган чакта, мындай өкүмдарды чыгыш калкы тааныбай коёт. Айтылуу эмир Темир (Аксак Темир; 1336-1405) Мавераннахрдагы бийликти өзүнө толук каратып алган чакта да, өзүн падыша же хан деп жарыялаган эмес. Ал «эмир» - аскер башчы деген мансап менен жашап, мурдагы хандын урпагын сөз жүзүндө такты ээси кылып калтырган.

Дауд-хан болсо ХХ кылымдагы өтө кеңири таркаган ыкманы пайдаланды, Ал демократиялык жана башка ураандарга таянуу менен, жеке бийлик жоюлганын, жумурияттык түзүлүш орнотулганын жарыялаган:

- Мен, өзүмдүн ар кыл ыйгарым укуктарыма жараша өз өлкөмө кызмат өтөп келем. Элим үчүн, Ооганстан эли үчүн, асыресе, басынтылып келген кишилер, жаш муундарыбыз үчүн туткан мүдөөм – бул жагымдуу каржылык жана руханий чөйрөнү жаратуу.

Дауд-хандын бул жалындуу сөздөрүнө карабастан, анын төңкөрүшү өлкөгө жумурияттык түзүлүштү гана таңуулабастан, Ооганстанды туруксуздук дооруна да кептеген. Эмнени эксең, ошону оросуң дегендей, 1978-жылы апрелде, айтылуу Саур ыңкылабын уюштуруп, бийликке келген коммунисттер Дауд-ханды бийликтен четтетип тим болбой, аны жубайы жана балдары менен кошо мерт кылышкан.

Ооган калкынын басымдуу көпчүлүгү ушул тапта мурдагы падыша Захир-шахка урмат-сый менен мамиле кылышат. Бирок маркум Дауд-ханды жактыргандар да аз эмес. Алардын бири – азыркы маданият жана маалымат министри Сайид Махдум Рахин. Анын пикиринче, Дауд-хан Батышты да, Пакистанды да, Маскөөнү да бүжүрөп ээрчип калбаган каарман мамлекет башчы болгон:

- Мухаммед Дауд-хандын өмүр жолунун өзү эле жолбашчы катары ал эч бир чет өлкөлүккө улутуна карап жүгүнүп бербеген киши болгонун айгинелейт. Маселен, өзүнүн совет мамлекет башчысы Леонид Брежнев менен акыркы жолку жолугушуусунда ал өзүнүн эр жүрөктүгүн жана атажурт сүйөөрдүгүн тастыктаган.

Министр Рахиндин оюнча, советтик КГБ коммунисттик идея үчүн башкы мүдөөлөрдөн болгон күрөштө - чет өлкөдөгү жеке бийликтик режимге каршы ыңкылап уюштурууда өзүн тымызын пайдаланганын учурунда Мухаммед Дауд-хан анча аңдабаса керек.

Ал эми Кабул университетинин мурдагы ректору, доктор Сайид Абдулла Казим - тээ Владимир Лениндин доорунан бери эле Кабулдагы падышалык менен достук мамиледе болгон советтик режимди падыша Захир-шах 1970-жылдардын башында өкмөт башчылыгына дайындаган батышчыл Муса Шафык чочулаткан болсо керек деп санайт:

- Мунун баары өлкөдө «демократиялаштыруунун он жылдыгы» маалында - маркум доктор Шафык премьер-министр болуп дайындалган чакта жүзөгө ашты. Шафык – таанымал либерал, мусулман диниятчы, антикоммунист жана батышчыл көз караштагы ишмер болчу. Бул – Орусияны өтө чочулатты...

Рахиндин оюнча, Шафык өкмөт башчы катары Иран жана Пакистан менен жогорку деңгээлде сүйлөшүү жүргүзгөн; анын батыштагы дипломатиялык ийгиликтери «эми оогандар биздин таасирибизден чыгып кетеби» деп санааркаган расмий Маскөөнү кыйла чочутуп койгон.

Кандай болсо да, падышанын бөлөсү жана колбашчы Дауд-шахты президенттик кызматка алып келгендер да, ага каршы чыккандар да окуянын кийинки өнүгүшүн алдын-ала боолголой алышкан эмес. Бул – советтик аскерлердин 1979-жылы Ооганстанды басып алышы, ошондой эле советтик аскерлердин 1989-жылы өлкөдөн аргасыздан чыгып кеткенинен кийинки доордогу оогандардын бири-бири менен тирешкени, атуулдук согуштун азабын ондогон жылдар бою көргөнү. Ал түгүл өткөн кылымдын акырында «оогандашуу» деген термин пайда болду. Ал – артка чегинүү, коомдук өнүгүү жолунан адашуу дегенди туюнтат.

Миллиондогон оогандар чет өлкөлөргө бозгунчулукка кетүүгө мажбур болушту. Набыт болгондордун так эсебин айтуу да мүмкүн эмес. Советтик жана талиптик башкаруу тажрыйбаларынын майнапсыздыгы мурдагы падыша Захир-шахка да, аны тактыдан кулаткан бөлөсү Дауд-ханга да жаңыча көз караш менен кароого жана алардын бийлигинин либералдуу жактарын баалоого өбөлгө түздү. Керкисинде да, кемигинде да бар ошол доорлор азыркы азаптуу ооган элинин басымдуу бөлүгү үчүн бакубат жашоо кезеңиндей сезилет. Бүгүнкү өкмөт жумурияттык түзүлүштү сактап калды, бирок ал ооган мамлекетин жаатташкан тараптарга кайрадан жиктеп салбастан, узак мөөнөткө сактай алаар бекен? «Оогандашуу» деген термин таптакыр жаңы мааниге – «илгерилөө» деген түшүнүккө көчөөр бекен?
XS
SM
MD
LG