Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

БРИТАНИЯ: БЛЭРДИН БЕДЕЛИ ТӨМӨНДӨДҮ


Британияда премьер-министр Тони Блэр менен катар башкаруучу Лейбористтик партиянын калк арасындагы бедели төмөндөдү. Буга себеп берген жагдайлар катары Ирак согушуна байланыштуу тутанган жаңжал жана анын учурунда британ өкмөтүнүн Ирак боюнча экспертинин өлүмү бир ооздон аталууда. Көпчүлүк баяндамачылардын пикиринде, Британиянын башкаруучу саясий чөйрөсү азыр өтө оор кризиске кабылды.

Британ премьери Тони Блэр менен башкаруучу Лейбористтик партиянын калк арасындагы бедели төмөндөгөнү өткөн айларда эле айтылып жаткан. Коомдук пикирди сурамжылоонун июнь айындагы жыйынтыктары лейбористтерге карата колдоонун деңгээли 1993-жылдан берки эң ылдыйкы чекке түшкөнүн көргөзгөн эле.

Эми Британияда Ирактагы согушка байланыштуу жаңжал басыла эле учурда өкмөттүн Ирак боюнча белдүү экспертинин өткөн аптада өз жанын өзү кыйышы лейбористтердин жана премьер-министр Тони Блэрдин аброюн кетирген олуттуу окуя болду. Маселең жергиликтүү "Дейли Телеграф" гезити жаңы жарыялаган маалыматтарга караганда, сурамжылоого тартылган адамдардын 68% өкмөткө ишенбей турганын айтышкан. 39%ы Тони Блэр премьер-министрликтен кетиши керек, ал эми 41%ы кызматында эле калганы ылайык деп эсептешет. Суралгандардын 20%ы болсо эки анжы ойдо экенин билдиришкен. Сурамжылоого катышкандардын 59%нын пикиринде, премьер-министр Блэрдин кадыр баркынын азыркы төмөндөөсү Ирак боюнча эксперт Дэвид Келлинин өлүмүнө байланыштуу. 64%нын ишениминде, согуш алдында өкмөт Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндө туура маалымат берген эмес. Ал эми "Ассошиейтед пресс" агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, лейбористтерге карата ишенимдин төмөндөшү менен оппозициядагы консерваторлор пайда таап жаткандай. Соңку сурамжылоолордун бири алардын ортосунда эки пайыз гана айрыма бар экенин көргөздү. Эгер өткөн айда суралгандардын 38%-лейбористтерди, 34%-консерваторлорду колдоорун айтса, учурда лейбористтердин бедели дагы 2%га ылдыйлаган, консерваторлордуку мурдагы эле калыбында.

Айтор, көпчүлүк баяндамачылардын пикиринде азыр, британ өкмөтү оор саясий кризисти баштан кечирүүдө. Премьер-министр Тони Блэрге Азия өлкөлөрү боюнча иш сапарынын учурунда коргоо министрлигинин кеңешчиси, Ирак боюнча эксперт Дэвид Келлинин иши боюнча такай түшүндүрмө берип турууга туура келип жатты. Кызматынан чегинүү жөнүндөгү чакырыктарды четке каккан британ премьери көз карандысыз тергөөнүн жыйынтыгын күтүү зарылдыгын улам-улам айтууда. Бул туралуу ал шейшемби күнү Пекинде кытайлык студенттер менен жолуккан учурунда да белгиледи:

- Азыр доктор Келлинин үй –бүлөсү үчүн өтө кайгылуу учур.Ал өз жайына коюла элек. Мен бул окуя боюнча талаптагыдай жана көз карандысыз тергөө болорунан башка эч нерсе айткым келбейт.

Айткандай эле, азыр бул иш боюнча иликтөө башталды. Аны жетектеген судья Лорд Хаттон иликтөө көз карандысыз болоорунa, өкмөттү да оппозицияны да укoogo убада кылууда.

Британияда Ирак согушуна байланышкан азыркы чатакка Би-Би-Синин берүүсү өбөлгө берген эле. Би-Би-Синин кабарчысы Эндрю Гиллиган май айындагы репортаждарынын биринде өкмөт адамына шилтеме берип, британ өкмөтү Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү чалгын маалыматтарын бурмалаганы тууралуу айткан. Бирок Би-Би-Си өкмөттүн ошол маалымат булагын ачыктоо жөнүндөгү талабын аткаруудан баш тарткан болчу.
Кийинчерээк андай маалыматты Би-Би-Сиге бергени үчүн коргоо министрлигинин кеңешчиси, кезинде БУУнун курал-жарак инспектору болуп иштеген Дэвид Келли шектеле баштаган. Ал өлөрүнөн эки күн мурда британ парламентинин ушул маселе боюнча иликтөө өткөрүп жаткан комитетинде көрсөтмө берип, Би-Би-Си үчүн маалымат булагы болбогонун айткан эле. Девид Келлинин сөөгү өткөн жума күнү үйүнөн алыс эмес жердеги токойдон табылды. Британ полициясы билдиргендей, ал сол билегинин кан тамырларын кесип, өз жанын өзү кыйган. Би-Би-Си өкмөт Ирактын маасалык кыргын салуучу куралдары жөнүндөгү маалыматтарды бурмалады деген кабар маркум Дэвид Келлиден алынганын ал өлгөндөн кийин гана ырастады. Ушундан улам азыр британ коомчулугунда Би-Би-Синин дарегине да сын айтылууда. Аны сындап жаткандардын пикиринде, жогорудагы окуя Би-Би-Си карманып келген журналисттик стандарттар боюнча да күмөн саноолорду жаратты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG