Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

ЧЕЧЕН КАЧКЫНДАРЫ ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫШУУДА, АЛ ЭМИ ЧЕЧЕНСТАНДА КЫРДААЛ ТЫНЧ ЭМЕС


Төрөкул Дооров, Москва шаары. Чеченстандагы согуш учурунда өз мекенин таштап, 90миң адам Ингушетияга көчүп жөнөшкөн. Эми алар кайра Чеченстанга кайта башташты. Чечен качкындарынын мекенине кайтуусу ал жерде тынчтык орноду дегенди билдиреби?

Төрт күндөн бери Ингушетияда жайгашкан качкындар лагериндегилер чатырларын калтырып, өз мекени Чеченстанга көчүп жатышат. Орусиянын миграция кызматынын маалыматында, «мекенине кайтууну самагандардын саны бүгүн 10 миңден ашуун». Учурда Чеченстанга кайра кайтарылып жатышкандар алар үчүн атайын курулган убактылуу үйлөргө жайгаштырылат. Алардын көбү чечен жерине кайра келүү менен, тынч жашоодон үмүтү зор.

- Эртеби-кечпи, бул жерден кетишибиз керек болот. Өз жерибизге барып, үй курабыз, балдарды мектепке беребиз, - дейт бүгүн өз жүгүн түйүп, Чеченстанга аттанган Зарема Автарханова.

Анткен менен, Орусиядагы көптөгөн эл-аралык укук коргоо уюмдарынын маалыматтарында, качкындардын өз үйлөрүнө массалык кайтуулары бийлик тарабынан жасалып жаткан кысымдын күчү чоң экендигинен кабар берет.

Негизи, Ингушетиядагы качкындарды ушул жылдын башынан тарта эле өз мекенине кайтаруу аракеттери көрүлгөн эле. «Бирок ар тараптуу үгүттөөлөрдөн майнап чыкпай, акыр аягында алар качкындардын тынч жашоосуна кол сала башташты», - деп ойлойт «Human Rights Watch» уюмунун Москвадагы өкүлү Анна Нейстат. Анын айтымында, миграциялык кызмат качкындарды убактылуу каттоодон өткөрбөй, өз үйлөрүнө, Чеченстанга кетүүлөрүн талап кылып келген. Андан сырткары, качкындар лагерлеринде да акыркы убактарда адамдар жоголо баштаганы мындагы качкындарды бул жерден кетүүгө аргасыз кылды.

- Ингушетиядагы абал качкындар үчүн барган сайын кооптуу боло баштады. Ошондуктан, ал жерлердеги чатырларда калуудан качкындар өздөрү корко башташты. Азыркы учурда, албетте, орус Өкмөтү чечен жериндеги атуулдардын коопсуздугун коргоого кубаты жетпейт. Андыктан, качкындарды Чеченстанга кайтаруу иши өтө эле шашылыш жасалып жатат деп ойлойбуз, - деди укук коргоочу Анна Нейстат.

Мына ушундай эле пикирди туткан «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун маалыматында, чечен качкындарынын абалынын начарлашына Орусия жана Ингушетия өкмөттөрү өздөрү күнөөлүү. Чет элдик укук коргоочулардын бул өңдүү дооматтарын четке каккан Ингушетия президенти Мурат Зязиков оюн төмөнкүчө билдирди:

- Качкындарды үйлөрүнө кайтаруу алардын каалоолору менен гана ишке ашырылат. Эң башкы милдет жана бүгүнкү негизги проблема – чечен жеринде убактылуу жашоого ылайык турак жайларды курууну тездетүү. Ошондой эле алардын турмуш деңгээлин жакшыртуу жана коопсуздугун коргоо зарыл.

Акыркы жумада чечен жеринде жардыруулар, айрым аймактарда аткылашуулар орун алууда. «Эки күн мурда Веденск районунда федералдык күчтөрдүн аскерлери менен жоочулардын ортосунда болгон аткылашуу чыныгы согуштун сүрөтүн берет», - дешет журналисттер. Аткылашуу учурунда чечен аскерлеринин алтоосу өлүп, сегизи оор жаракат алышты. Ал эми жоочулар тараптан 7 адам өлгөн.

Жекшембиден бери дагы бир канча жолу жардыруулар болду. «Чеченстандагы кырдаал тынч жашоого такыр окшобойт. Ушуга карабастан, качкындарды Ингушетиядан Чеченстанга тез аранын ичинде көчүрүп калуу үчүн көрүлүп жаткан аракеттер бир гана ойду пайда кылат, - дейт укук коргоочу Анна Нейстат. - Бул – Чечен жеринде күзүндө өтүүчү президенттик шайлоолорго жетиштүү сандагы шайлоочулардын санын камсыз кылуу».

XS
SM
MD
LG