Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

КЫРГЫЗСТАН СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТОЛУК ОРНОГОН ӨЛКӨБҮ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 19-июлда болуп өткөн «Өнөктөштүк форумунда» өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир топ талаш-тартыштуу пикирлер айтылды. Бийлик өкүлдөрү өлкөдө толук кандуу сөз эркиндиги орноп, ал атайын мыйзамдар менен бышыкталганын ырасташса, айрым журналисттер сөз эркиндигин коргоого азыркы мыйзамдар чабал экенин, бийлик өкүлдөрү сот аркылуу аларга басым жасап келгенин айтышты. Ал эми жакында эле «Фридом Хауз» уюму Кыргызстанды сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кошту. «Өнөктөштүк форумунан» соң абал өзгөрөбү же жокпу - аны айтуу кыйын.

Буга чейин бийлик өкүлдөрү «өлкөнүн кадыр-баркын айрым журналисттер кетирип жатышат» деген пикирди көп айтып келишкен. Андай пикирлер «Өнөктөштүк форумунда» да айтылды. Форумда сүйлөгөн «Журналисттер» бирикмесининин жетекчиси Кубан Мамбеталиев, «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев өлкөдө сөз эркиндиги жылдан-жылга азайып, анын мыйзамдык базасы талапка жооп бербей жатканын айтышты. Алар эркин басылмалардан арылыш үчүн бийлик аларды сот аркылуу ири суммадагы доого жыгып, басылмалардын чыкпай калышына салым кошуп жатканын белгилешти. Ал эми бийлик өкүлдөрү, аларды жактаган маалымат каражаттарынын жетекчилери өлкөдө баары жайында экенин, айрым басылмалар ийгиликтерди көрбөй, кандайдыр-бир чуулгандуу окуя боло калса аны көбүртүп-жабыртып күчөтүп жиберишкенин кеп кылышты. Мындай көз караштар менен мамлекет башчысы Аскар Акаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов да макул болушту. Президент Аскар Акаев өз сөзүндө Кыргызстанда сөз эркиндигине байланыштуу эч кандай проблема жоктугун дагы бир жолу бышыктады:

- Мен Кыргызстанда сөз эркиндигине байланыштуу бардык тиешелүү шарттар түзүлгөнүн зор жоопкерчилик менен ырастай алам. Демократиялык коомдун талабына ылайык массалык маалымат каражаттарынын дурус иштешине негиз болгон мыйзамдык жана башка жагынан кынтык табуу мүмкүн эмес.

Андан ары Аскар Акаев «журналисттердин жоопкерчилигин арттырыш керек, ал эми бийлик өкүлдөрү катардагы жаран катары өздөрүнө жабылган куру жалаадан сот аркылуу актанышы мыйзам ченемдүү көрүнүш» деген пикирин ортого салып, «Кубан Мамбеталиевдин журналисттерге жан тартканы туура эмес» деген көз карашын билдирген.

- Бизде журналисттер бардык нерсени жаза берсе болоорун, бирок ал үчүн эч жооп бербешин каалагандар бар. Мына ушундай ойду «Журналисттер» бирикмесинин лидери Кубан Мамбеталиев айтты, - деп мамлекет башчысы журналисттерге карата өз пикирин ачыктады.

Айрым эксперттер президенттин ушундай пикиринен кийин өлкөдө сөз эркиндигине бийликтин мамилеси мурдагыдан да катаал болоорун эскертишүүдө. Айрым инсандарды негизи жок сындап, аларга курулай жалаа жапкан фактыларга байланыштуу сот иштерин иликтеп чыгып, андан тиешелүү бүтүм чыгарууну мамлекет башчысы өз сөзүндө Жогорку Сотко тапшырды:

- Алар жалаа жаап, сындап келгени анык. Ушуга байланыштуу мен Жогорку Сотко массалык маалымат каражаттарына байланыштуу арнамысы менен абийирин коргоого багытталган сот иштерин, бүгүнкү айтылган каалоолорду эске алуу менен иликтеп чыгып, өзүнүн корутундусун чыгарып, ал тууралуу түшүндүрмө берүүнү тапшырам.

Президент А. Акаевдин мындай пикири менен Кубан Мамбеталиев макул эмес. Тескерисинче, «бийлик өкүлдөрүнө өзгөчө статус берилишине, алар «арнамысымды булгады» деген доо арызы менен каалаган учурда басылмаларды сотко берип, аларды кыйратууга ынтызар болуп келишине караманча каршымын» дейт ал:

- Булардын деңгээли башка болуш керек, статусу, жоопкерчилиги да башка болуш керек. Буларга чек коюш керек, тыюу салыныш керек. Жанагинтип кызмат учурунда «сени кызмат боюнча сындаган гезиттерге доо артып, соттошпойсуң» деп тыюу салыш керек. Бизде ошондой болбой жатат. Биздин мамлекеттин башчысы да буга каршы экен. Бардыгы каршы экен. «Бардыгы бирдей» деп атпайбы. Премьер-министр Н. Танаев «Моя столица» гезитине каршы чыгып, аны жеңип алды. Натыйжада ал гезит жабылып калды. Бул сөз эркиндигине жатабы же чиновниктердин эркиндигине жатабы?

Ошентип, байкоочулардын ырастоосунда, бул жыйында төрдө отурган бийлик өкүлдөрү менен улагада отурган журналисттердин талаш-тартышы калыс чечилген жок. Алар бийлик тарап форумдун башынан аягына дейре өз үстөмдүгүн көргөзүп, өнөктөштүк маанайды жарата албаганын айтышат. Ошондуктан форумда каралган башка маселелер сыяктуу эле, сөз эркиндиги тууралуу түшүнүктө да зор ажырым болуп, жолугушууга катышып отурган эркин басылма өкүлдөрүнүн ынданын өчүрүп салганын анын катышуучулары «Азаттыкка» куруп берген маегинде да айтышууда.
XS
SM
MD
LG