- Мен 2000-жылдын декабрь айында уулумдукуна кеттим. Уулум ал жерде он жылдан бери жашайт. Жесир калдым. Мага мында жашоо кыйын болду. Бул жакта пенсия маселеси абдан кыйын. Үч айлап да пенсия пулун алалбаган учурлар болгон. Менимче азыр деле ошондой болсо керек. Бир уулум ушул жерде калды. Жумуш жагынан аябай кыйналып жүрөт ал деле. Ал мени да, өзүн да камсыздай албай калганы үчүн Орусиядагы уулумдукуна кетүүгө аргасыз болдум. Бир жылдан кийин атуулдук беришти. Азыр пенсия алам.
- Канча пенсия аласыз?
- 856 рубль. Бул минималдык пенсия.
- Сизди ал жакта кандай кабыл алышты?
- Мен Омск облусунун Черлак районуна келдим. Жергиликтүү бийлик жакшы кабыл алды. Атуулдук бергенге чейин убактылуу каттоодон өткөрүштү. Жергиликтүү эл менен жылуу мамиледемин. Ынтымакпыз. Айтор, өз үйүмдөгүдөй сезем өзүмдү.
- Орустардын Кыргызстандан көчүп кетип жатышына эмне себеп болууда деп ойлойсуз?
- Билесизби, эмне үчүн орус тилдүү калк көчүп кетип жатат? Жалаң орус тилдүү калк эле эмес, кыргыздар жана башка улуттагы көптөгөн адамдар да Орусияга кетип атышат. Анткени мындагы карыларга да, жаштарга да жашоо оор. Жумуш жок. Мурда көптөгөн завод-фабрикалар иштечү. Анын баары кыйрап жок болду. Балдар илгеркидей эс ала алышпайт. Ысыккөлгө барып эс алуу абдан кымбат, азыр.
- Сиз, Алла эже, Кыргызстанда канча жылдан бери жашайсыз?
- Биздин Кыргызстанга келгенибизге 60 жыл болду. 1943-жылдан 2003-жылга чейин ушул жерде жашадык. Мен ушул жерде картайдым.
- Каалгаңызга «Үй сатылат» деп жазып коюптурсуз. Эмне, башка жакка көчүп кетейин деген оюңуз барбы?
- Ооба. Бул жерде өзүм жалгыз калдым. Туугандарым тарыхый мекенимде. Мен ошолорго кетейин деп турам. Болбосо, бул жерден эч кетким келбейт. Кыргызстанды жакшы көрөм.
- Орустардын жана орус тилдүү башка калктын Кыргызстандан көчүп кетип жатышын сиз кандай ойлойсуз?
- Алар «биз бөлөк улутпуз» деген ойдо кетип жатышса керек. А мен болсо карачаймын. Тилибиз да, дилибиз да бир, кыргыз менен. Мен антип улутка бөлбөймүн. Менин шартым ушундай болуп калды. Бул маселеде орустар башкача, биз башкача, айтор ар ким ар кандай ойлойт.
- Бир өлкөдө, бир райондо, бир көчөдө дейли, көп улут жашаганы жакшыбы же анын зыяндуу жагы да барбы?
- Көп улут болгону жакшы. Бири-бирин билип, ынтымак жашаса, кандай сонун! Бардыгы бир улут жашаган жерде да достук, ынтымак болбосо, жакшы жашоого жетиш кыйын. Улуттардын аралаш жашаганы пайдалуу. Кеп улутта эмес, улуттун баары эле жакшы. Бардыгы адамдын өзүнөн болот.
- Тарыхый мекениңизге көчүп барып жашоого камынып жатыпсыз. «Бир жолу туз таткан жерге миң жолу салам айтат» дегендей, Кыргызстанды ар дайым эстесеңиз керек? Кыргызстан, кыргыз эли жөнүндө кандай ой менен жолго чыгып жатасыз?
- Кавказга кетип баратканым менен ичимден абдан сыгылып турам. Жашаган жеримди кантип сагынбай коёюн. Конок болуп кайра-кайра келип турам. Буюрса, тирүү эле болсом, мейманчылап келемин деген үмүтүм бар. Жашаган жериме, бардык элдер менен улуттарга ыраазымын. Бул жерде мени эч ким капа кылган эмес.