Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

ИИСУС ХРИСТ ЧИРКӨӨСҮНҮН ӨКҮЛДӨРҮ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨН БАШПААНЕК СУРООГО НИЕТТЕНИШҮҮДӨ


22-июлда Иисус Христ чиркөөсүнүн өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, уюмду мамлекеттик органдар куугунтукка алып жатышканын, айла кеткенде акыркы үмүт катары президент Аскар Акаевге кайрылышканын билдиришти. Алар маселе оң чечилбесе, чет өлкөлөрдөн башпаанек суроого ниеттенип атышканын да айтышты. Ал эми өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Иисус Христ чиркөөсү абалды жасалма түрдө саясатташтырып жатат» деген пикирди карманууда.

«АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Иисус Христ чиркөөсүнүн башчысы Василий Кузин менен чиркөөнүн юристи Виктор Иванов мамлекеттик уюмдар чиркөөнүн ишине жолтоо болуп жатышканына байланыштуу президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошконун билдиришти. Василий Кузиндин айтымында, мамлекет башчысына жардам сурап кайрылууга өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын чиркөөнүн жер-жерлердеги уюмдарын каттоодон өткөрбөй жатканы башкы себеп болгон:

- Биздин чиркөөнүн 18 филиалын 5 жылдан бери каттоодон өткөрбөй келатышат. Мыйзам боюнча, каттоодон бир айдан кечиктирбей өткөрүшү керек эле. Каттоодон өткөрбөгөнүнүн себептерин да так жана ачык айтышпай, улам «кийин келгиле» деп жооткотуп келатышат.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги Иисус Христ чиркөөсүнө кайыр-садага катары түшкөн каражаттардан салык алууну мыйзамдаштырып койгон. Учурда чиркөөнүн салык төлөмдөрү катары казынага төгө турган карызы 5 млн. сом деп эсептелүүдө. Василий Кузин «чиркөөнү жабуу максатында 5 млн. сом же 130 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү салыкты мойнубузга жөн жерден эле илип коюшту» деген пикирде:

- Кайыр-садага катары чиркөөгө түшкөн акчадан да салык алууну чечишиптир. Эми анын натыйжасында биз 130 миң доллар төлөөгө мажбур болуп жатабыз.

Иисус Христ чиркөөсү мурдагы Ленин заводунун маданият үйүн алганы да белгилүү. Анын айланасында да бир катар чыр-чатактар пайда болгон. Василий Кузин «учурда табынып-чокунуучу жайга айланган мурдагы маданият үйүнүн жанынан жер алалы десек, ага да мамлекеттик органдар мүмкүнчүлүк бербей келатышат» деген пикирин ортого салды.

- Биз сатып алган имараттын жанынан жер сатып алууга уруксат бербей келатышат. Себебин да айтышпайт, - дейт чиркөөнүн башчысы.

Чиркөөнүн юристи Виктор Иванов болсо «акыркы учурда «Вечерний Бишкек» гезитинде жарыяланган, чиркөөгө байланыштуу 3 макала бийликтеги айрым кызматкерлердин көрсөтмөсү менен жазылган, анткени бийлик тарабынан бизге кысым жасалууда» деп эсептейт.

- Биздин чиркөөнү бийлик органдары 2003-жылдын январынан март айына чейин катуу текшеришти. 6-7-июнда текшерүүлөр кайра башталды жана дал ошол текшерүү учурунда «Вечерний Бишкек» гезитине бизге байланыштуу макалалар жарыяланды. Дал ушул себептен биз гезитти сотко бердик. Анткени, бул бийликтин бизге комплекстүү жасаган мамилеси болуп жатат, - дейт чиркөөнүн юристи.

Чиркөө «Вечерний Бишкектен» «арнамысыбызга жана абийрибизге шек келтирди» деп, 3 млн. сом талап кылууда жана алгачкы сот жараяны 23-июлга Свердлов райондук сотуна белгиленди.

Иисус Христ чиркөөсүнүн өкүлдөрү «шаардык гезит эле эмес, мамлекеттик уюмдар да «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамды бузуп жатышат» деген пикирде. Ал тууралуу чиркөөнүн жетекчиси Василий Кузин мындай дейт:

- Уставда каралгандай, дин ишенимибиз зордук-зомбулук алып келбеген соң, аны жайылтуу ишинде эркин болууну каалайбыз.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсупов «өлкөдөгү 220га жакын протестанттык уюмдар сыяктуу эле Иисус Христ чиркөөсүнө да мамлекет тарабынан эч кандай тоскоолдук жок, чиркөө жетекчилиги абалды жөн гана саясатташтырып жатат» деген пикирде.

- Бир дагы протестанттык багыттагы дин уюму ушу күнгө чейин ырасмий түрдө жабыла элек, - дейт Өмүрзак Мамаюсупов. - Ошонун ичинде Иисус Христ чиркөөсү да өзүнүн берген арызынын негизинде ырасмий каттоодон өтүп, иштеп атат. Бирок бул чиркөө жер-жерлердеги көпчүлүк филиалдарын каттоодон өткөрбөстөн, мыйзамсыз иштетип келатат. Эми, анын филиалдарын каттоо боюнча. Бизге түшкөн арыздарга, каттарга мыйзам боюнча биз бир айдын ичинде жооп берүүгө тийишпиз. «Жок» деп жооп берсек, анын себептерин көрсөтөбүз. Бирок, сүйлөшүүлөр кайрадан уланат. Менин оюмча, Иисус Христ чиркөөсү өзүнүн жүргүзгөн иштериндеги кемчиликтерин жаап-жашыруу максатында чиркөөнүн мүчөлөрүн мамлекетке каршы коюу саясатын жүргүзүп жатат.
XS
SM
MD
LG