Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

БОРБОР АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН СУУ-ЭНЕРГЕТИКА КОНСОРЦИУМУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ РЕАЛДУУБУ?


Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/2E2396A4-2B46-4172-82B8-4EB2BAF8DDE9_w203.jpg Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери жакында Алматы шаарында жолугушуп, суу-энергетика консорциумун түзүү тууралуу чечим кабыл алышканын жарыялашты. Бул Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө маанилүү чечим. Бирок ал азырынча саясий гана чечим болуп эсептелет. Анткени консорциумдун жобосу бекитиле элек. Келишимде президенттер аны иштеп чыгуу тууралуу гана макулдашкан.

Алгач “суу сатылат” деген сөз чыкканда Казакстан менен Өзбекстандын жетекчилери так секиришкен болчу. “Кудайдын берген суусун да сатчу беле” деп, ал кезде алар андай сөздү уккусу да келчү эмес. Азыр алар буга бышыкулак болуп, көнүп калгандыгын айтышат.

- Кошуналардын да психологиясы өзгөрүп, мурдагыдай болбой калды, - дейт Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы суу департаментинин директору Жеңишбек Бекболотов.

“Суу - товар”, “суу сатылат” деген жоболор мыйзамга киргизилгени менен, суунун сатылаарына бул маселени көтөрүп чыккан Турдакун Усубалиевден башка эч ким ишенбейт. Азыр сөз өлкөдө жайгашкан суу объектилерине кеткен чыгымдарды сууну Кыргызстандан көп пайдаланган Казакстан менен Өзбекстандан өндүрүп алуу тууралуу болуп жатат. Бул багытта бир аз жылыш бар экендиги айтылат.

- Кыргызстан менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Өзбекстандын, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда комиссиялар бар. Акыркы жылдары ушул комиссиялар түзүлүп, бардык иштер чогуу чечилип жатат. Казакстан бизден, Киров суу сактагычынан суу алат. Алар менен ошол суу сактагычты бирге пайдаланып жүрөбүз. Быйыл 450 миң долларга келишим түздүк, - дейт Жеңишбек Бекболотов.

Суу маселеси Борбор Азия өлкөлөрүн экиге бөлүп салды. Өзбекстан менен Казакстанда мунай менен газ толтура. Алар муну пайдаланып, өз кызыкчылыктарын Кыргызстан менен Тажикстанга таңуулагысы келишет. Бирок аларда суу жетишпейт. Суу жагынан алар Кыргызстан менен Тажикстанга көз каранды. Анын үстүндө суу боюнча көз карандылык энергетикалык көз карандылыкка караганда келечекте күчтүүрөөк болуп чыкчудай. Анткени газ менен мунайды кошуна өлкөлөр бербей койсо, аны кандайдыр-бир деңгээлде башка өлкөлөрдөн алса болот. Ал эми сууну Өзбекстан менен Казакстан башка жактан ала алышпайт. Ошондуктан алар катуу кетпей, бул эки жактуу маселени чечүүнүн жолун издөөгө аргасыз. Анын бир жолу - бирдиктүү суу-энергетика консорциумун түзүү. Бул тууралуу чечим Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Алматыда жолугушканда жарыяланды.

Суу-энергетика консорциму Кыргызстанга эмне берет, ал андан утабы же утулабы? Бул суроолорго жооп табыш кыйын. Анткени ал консорциумдун курамына жана анын башкаруу принциптерине жараша болот. Бул маселелер Алматыдагы жолугушууда чечилген эмес. Анда болгону консорциумду түзүү тууралуу саясий гана чечим кабыл алынган. Президенттер кол койгон келишимде консорциумдун жобосун иштеп чыгуу өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтерине тапшырылган.

Суу-энергетика консорциумун түзүү тууралуу сөз көптөн бери эле, Кыргызстан “суу сатылат” деп айтып чыккандан бери айтылып келет. Бирок сөз ишке өткөн эмес. Анткени анын курамы, иштөө механизми боюнча тараптар буга чейин тил табыша алышкан эмес. Ар ким аны ар кандай көрөт. Ошого жараша ар бир өлкө өз вариантын иштеп чыккан. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстан “бул консорциум суу жана электр энергия тармактары менен чектелиши керек” деп эсептешет. Кыргызстан болсо ага газды да кошууну каалайт. Ал эми консорциумду башкаруу принциптери боюнча тараптардын көз карашы андан да айырмалуу. Ошого байланыштуу эксперттер анын жакын арада түзүлөөрүнө ишенишпейт. Ал түзүлгөн күндө да консорциумдун ийгиликтүү иштеп кетээрине алардын көздөрү жетпейт.
XS
SM
MD
LG