Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Жалалабаддагы милицияны тоноо боюнча сот иши уланууда


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бекташ Шамшиев

ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяковдун соттолуучу 9 адамга тергөөчүлөрдүн токтомун окуп берди. Айыптоо токтомунда мурдагы милиционер Адылбек Каримов Жалалабад шаарындагы үйүндө топтун башка мүчөлөрүн багып, курал-жарак алып бай адамдарды тоноо максатында чогултканы айтылды. 15-майда бул топтогулар облустук жана шаардык ички иштер органдарына кол салып, милиционерлерди уруп-согуп, курал жарак, ок-дары алып кеткендиги, бир нече адамдын автоунаасын тартып алганы баяндалды. Андан тышкары, облустук жана шаардык ички иштер кызматтары мунун айынан 1 млн. 390 миң сом материалдык зыян тартканы тууралуу сөз болду. Ар бир соттолуучунун бул окуяга тиешелүү иш-аракеттери жана Кылмыш кодексинин аларга коюлган беренелери түшүндүрүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG