Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Кыргызстанга Мамлекет аралык авиация комитетинин төрайымы келди


БИШКЕК. Кыргызстанга бир күндүк иш сапары менен Мамлекет аралык авиация комитетинин төрайымы Татьяна Анодина келди. Ушул эле күнү ал Чолпонатадагы мамлекеттик резиденцияда президент Аскар Акаев менен жолугушту. Жолугушууда комитет менен Кыргызстандын кызматташтыгынын ар кыл өңүттөрү талкууланды. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына караганда, Мамлекет аралык авиация комитетинин төрайымы ушул эле күнү Тамчы аэропортунда болду. Учурда жаңыртылып жаткан бул аэропорттун учуучу тилкеси реконструкцияланып бүттү. Бул Як-40 жана АН-24 учактарынын учуп-конушуна шарт түзөт.

XS
SM
MD
LG