Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

«Гансинин» авиаэкспедициялык канатынын жаңы командачысы бир жылга дайындалды


БИШКЕК. Кыргызстандын «Манас» аба майданында жайгашкан Эл аралык антитеррордук күчтөрдүн «Ганси» авиабазасынын 376-авиаэкспедициялык канатынын командачысын алмаштыруу салтанаты кечээ болду. Мурдагы командачы, генерал Томас Дайкстан айырмаланып, жаңы, жетинчи командачы, полковник Стивен Келли бир жылга дайындалды. Буга чейин ар бир командачы 2 айдан 6 айга чейинки мөөнөттөрдө иштеп келишкен. Командачыларды которуштуруу салтанатына АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн Борбор Азия командачылыгынын Катардагы 9-авиаэкспедициялык бөлүмүнүн командачысынын орун басары Роберт Элдер катышты. «Кыргыз-Инфо» агенттигинин жазганы боюнча, «Гансиде» антитеррордук күчтөрдүн 1600гө жакын аскери, Ф-16 үлгүсүндөгү аскердик, С-130, КС-135, С-130J үлгүсүндөгү жүк ташуучу жана май куюучу учактары бар.

XS
SM
MD
LG