Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Тажикстан өзүнүн Шураб чек ара бекетинин ордун которду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн бүгүн алынган маалыматка караганда, тажик тарап ушул жуманын башында Шураб чек ара бекетин эки чакырымдай артка жылдырып, Шураб шаарынан чыга бериштеги мурда турган жерине коюуга аргасыз болду. Тажикстан бул чек ара бекетин быйыл февралда Кыргызстандын аймагына эки чакырымдай кирип, Баткендин Самаркандык айылына жакын жерге коюп алган. 7-июлда Самаркандык айылында жашаган 30 чакты аял чек ара бекетине барышып, тажик чек арачыларынын Кыргызстандын аймагынан чыгып кетишин талап кылышкан. Ушундай эле талап менен 10-июлда чек ара бекетине кайрадан жөнөгөн аялдарды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп, араң артка кайтарышкан. Бул окуядан соң Баткен облусунун жетекчилиги тажик тарапка дагы бир жолу кайрылып, чек ара бекетин жылдырууну талап кылган.

XS
SM
MD
LG