Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Иисус Христ чиркөөсү «Вечерний Бишкек» гезити менен соттошкону калды


БИШКЕК. Бишкектеги Иисус Христ чиркөөсүнүн берген доо арызынын негизинде «Вечерний Бишкек» гезитине карата сот ишин кароону Бишкектин Свердлов райондук соту 25-июлда баштайт. Гезит июнь айында уюмдун ишмердүүлүгүн сынга алган макалалар түрмөгүн жарыялагандан кийин Иисус Христ чиркөөсү райондук сотко ушундай арыз берген. Диний уюмдун юристи Виктор Ивановдун билдирүүсү боюнча, гезит үч макала жарыялоо менен Иисус Христ чиркөөсүнүн арнамысы менен аброюна шек келтиргендиктен, чиркөөдөн кечирим сурап, моралдык чыгым үчүн 3 млн. сом төлөп бериши керек. Чиркөөнүн башкы пастору Василий Кузин ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөрүп, диний уюмдун ишмердүүлүгүнө бийлик тоскоолдук кылып, ал аркылуу дин тутуу эркиндигин чектеп жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн дин комиссиясы чиркөөнүн 18 филиалын беш жылдан бери ар кандай шылтоолор менен каттоодон өткөрбөй жатат. Ал эми салык кызматы чиркөө чогулткан битир-садагадан салык талап кылууда. Өкмөттүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги болсо чиркөөнүн ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар бар экенин белгилеп, андан чиркөө маселени саясатташтыруу аркылуу кутулууга аракет кылып жатканын билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG