Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Германиянын элчиси Бишкекте жолугушуу уюштурду


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова жана айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах менен жолугушту. Элчиге быйыл 3-июлда Бишкекте өткөн «Өнөктөштүктүн 10 принциби» аттуу «тегерек үстөл» жыйынынын резолюциясы тапшырылды. «19-июлдагы «Өнөктөштүк форумуна» Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын башында турган Жыпар Жекшеев киргизилген жок. Турсунбек Акунга сөз берилбеди. Президент А. Акаев Феликс Куловдун соттолушун «мыйзамдык негизде болду» деп, иш Жогорку Сотто карала электе эле баа берип койду. Партиянын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүлүп келатат», - деп билдиришти жолугушуунун катышуучулары.

XS
SM
MD
LG