Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

«Human Rights Watch» уюму Кыргызстанга байланыштуу Евробиримдикке талап койду


БИШКЕК. Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстанга адам укуктарын жакшыртууга байланыштуу конкреттүү талаптарды коюшу керек. «Human Rights Watch» уюму Брюссел жолугушуусунун алдында Европа Биримдигине жолдогон катында ушундай сунуш айтылат. Бул катта уюм Биримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин Кыргызстандан адам укуктарынын абалын жакшыртуу боюнча катуу убада алууга чакырган. «Human Rights Watch» уюмунун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча аткаруучу директору Элизабет Андерсен кол койгон бул катта Аксы окуясын эл аралык иликтөөгө уруксат берүүнү кыргыз бийлигинен талап кылуу сунуш кылынган. Мындан тышкары, «кыргыз бийлигине оппозициячыл саясатчы Феликс Куловду бошотуу, оппозициячыл саясатчылардын кылмыш иштерин көз карандысыз негизде кайра кароо, жалаа үчүн кылмыш жообуна тартууну токтотуу өңдүү талаптарды коюп, макулдук алыш керек», деп эсептейт «Human Rights Watch» уюму. Бүгүн Брюссел шаарында Европа Биримдигинин кызматташтык кеңешинин 4-отуруму болду. Ага Кыргызстандан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов катышты. Адам укуктары Борбор Азия мамлекеттери менен катар Кыргызстанда да жакшырбай жаткан буга чейин АКШ да белгилеп, финансылык жардам ушул жагдайды эске алуу менен берилээрин эскерткен. ЕБ өкүлү Кыргыз өкмөтүнүн баяандамасына канааттанганын билдирди.

XS
SM
MD
LG