Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Өзбек оппозициясы өзбекстандык саясатчынын Маскөөдө кармалышы саясий кермек даамдуу иш-чара экендигин айтууда


Өзбекстанда тыйуу салынган "Бирлик" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Бахром Хамраевди полиция жанынан баңги зат таап алгандан кийин камакка алган эле. "Бирликтин" Ташкендеги активисти Василия Иноятова Хамроевдин аялы полициянын анын чөнтөгүнө баңги зат салганын өз көзү менен көргөнүн билдирди. "Бирликтин" АКШда сүргүндө жашаган жетекчиси Абдурахим Пулат кечээ Орусиянын полициясы өзбек өкмөтүнүн көрсөтмөсү менен иш жүргүзүп жатат деп айтылган ачык кат жарыялады. Орусиянын атуулдугун алган Хамраев Маскөөдө өзбек тилинде "Харакат" гезитин чыгарчу. Пулаттын айтымында, аталган гезиттин Өзбекстанда таркатылышы өзбек бийликтеринин кыжырына тийип келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG