Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

Палестиналык өкмөт башчысы аймактык лидерлер менен тынчтык планын талкуулоону улантып жатат


Махмуд Аббас бүгүн Иорданга келүүдө. Мында ал падыша Абдулла менен соңку тынчтык демилгесин талкуулайт. Аббас кечээ Каирде Египеттин президенти Хосни Мубарак менен жолугуп, жекшембидеги Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон менен сүйлөшүүсү боюнча маалымат берген.

Анын аралыгында Израилде Укук коргоо бирикмеси Израил аскерлеринин палестиналыктарга карата мыкаачылык мамилесин айыптаган отчетун жарыялоодо. Документте өткөн бир жыл ичиндеги израил армиясынын жол тосмолорундагы жүрүм-туруму, айылдарды тинтүүсү жана палестиналык жоочулар деп шектелгендерди өлтүрүүсү сынга алынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG