Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

МАЙРАМ АКАЕВА: «АДАМДЫН АДАМДЫК КАСИЕТИНЕ БАА БЕРҮҮНҮ АТАМДАН ҮЙРӨНГӨМ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгонуна быйыл 12 жыл болот. Мына ошол 12 жыл аралыгында өлкөдө кандай ийгиликтер болду, кандай кейиштүү көрүнүштөр болду - ал мамлекет башында турган адамга да байланыштуу болот. Ал эми мамлекет башчысынын жигердүү иштешине анын үй-бүлөсүнүн, эң оболу өмүрлүк жубайынын да таасири болбой койбойт. Андыктан Кыргызстандын биринчи айымы Майрам Акаевага айрым суроолор менен кайрылдык.

- Майрам эже, мына сиз уюштурган Эл аралык «Мээрим» кайрымдуулук фондуна быйыл 10 жылдын жүзү болду. Ушул 10 жыл ичинде фонд тарабынан кандай иштер аткарылганы тууралуу коомчулук кабардар деп ойлойбуз. Ошентсе да ушул 10 жыл аралыгында эсиңизде калган, сизге өзгөчө таасир калтырган башкы окуя катары кайсы окуяны айтаар элеңиз?

- Чындыгында биз эң байыркы, тарыхыбыз орошон элбиз. Биздин элибиздин эң жакшы касиеттеринин бири - кайрымдуулук, боорукердик, күйүмдүүлүк. Ошонун негизинде биз кайрымдуулук фондун түзгөнүбүзгө 10 жыл болду. Биздин урааныбыз - «эне - өмүр булагы, бала - өмүр бутагы» деген ураан. Бардыгын айтып отурбайын, биздин келечегибиз, балдардын келечеги болгон илим-билим багытында мына биз маектешип отурган балдардын билим музейин ачтык. Мындан сырткары, бүт республика боюнча 48 билим борборлорун ачтык. Миңден ашуун мектептерди компьютер менен жабдууга көмөктөштүк. Кыргыз элинин генофондунун тазалыгын ойлоп, ушул багытта биз «Алтын балалык» аттуу реабилитациялык чоң комплекс куруп жатабыз. Майып балдарды социалдык жактан реабилитациялоо борборун, жаштардын ден-соолук жана кайрымдуулук борборун ачып иш алып баруудабыз.

Эми айрым цифраларды келтирсек, медициналык, социалдык программалар жана долбоорлор боюнча 2 млрд. 60 млн. 430 миң сомдук долбоорлорду ишке ашырдык. Билим берүү программалары жана долбоорлору боюнча 15 млн. 618 миң сомдук иш бүткөрүлдү. «Мурас» программасы, «Рух», «Балдарды тарбиялоо», «Адеп ахлак», «Ыйман» программасы боюнча 16 млн. 127 миң сомдук иш-аракеттер жасалды. Эми бул сандык көрсөткүчтөр өзү менен го, бирок эң негизгиси - бул биздин жасап жаткан иштерибиз.

Ал эми сиздин «Кандай иш өзгөчө таасир калтырган?» деген сурооңузга кайрылсак, мен үчүн аткарылган иштердин баары тең башкы окуядай сезилет. Өзгөчө балдардын сүйүнгөнү. Мисалы, Чаткалга, Атбашыга, Алайга, Чоңалайга барып, компьютерлерди коюп, борборлорду ачканда балдардын жарык маанайын көрүп, ошолордун жадыраган кара көздөрүн көрүп, укмуштай биз кубанычка баткан күндөр аз эмес. Өзгөчө, бизде майып балдарды колдоо программасы бар, ошонун астында борбор ачканбыз. Мурда деле майып балдардын үйлөрүнө барып жүргөнбүз, анда да кабыргабыз кайышчу, кайгырчубуз, бирок биз өзүбүз борборду ачканда, мисалы көзү жалдырап, акылы тунук, бирок эки колу жок баланы, же болбосо тескерисинче, көзүндө эч бир ой, эч акыл жок, өзү отуруп-туралбаган, энеси же чоң апасы артынан кармап турган майып балдарды көргөндө, бул мага укмуштай чоң таасир этти. Эмнегедир ошондо Назым Хикметтин «Ал күйбөсө, сен күйбөсөң, мен күйбөсөм, ким күйөт?» деген саптары эсиме келди. Ошондо өзүмө кандайдыр бир ант бергендей болдум. «Мен бүт күчүмдү, болгон аракетимди ушул балдардын жакшылыгына жумшашым керек», - дедим. Аскар Акаевич президент болобу, болбойбу, кандай шартта жашайбыз - айтор сөзсүз ошондой балдарга жардам бериш үчүн бүт күчүмдү, бүт өмүрүмдү арнаганга өзүмө ант бергендей болдум. Эң бир чоң таасир калтырган окуянын бири ушул.


- Эми жашоодо жакшы маанайдагы окуя менен көңүл кирдеткен окуялар ар дайым жанаша жүрөт эмеспи. «Мээрим» фондунун 10 жылдык тарыхында жан кейиткен башкы окуя деп кайсыл окуяны эстээр элеңиз?

- Жакшы окуялар көп эле болуп атат, жакшы өзгөрүүлөр болуп, жаңы турмуш куруп жатабыз, өзүбүзчө түтүн булатып, демократиялык өлкөнүн пайдубалын түптөп атабыз. Ушул сурооңо жооп берсем, мен айрым адамдардын, өзгөчө саясатчылардын, же болбосо журналисттердин караңгычылыгына, көралбастыгына жаным кейийт. Биздин эле фонддун ишинен бир мисал келтирейин. Мисалы, биз көгүлтүр Ысыккөлдүн жээгине ак дил, аруу сезим менен балдардын реабилитациялык ооруканасын куруп баштаганбыз. Жакында Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин ал ооруканага барды. Ошол жерден ал киши «60 өлкөдө болдум, бирок балдардын мындай медициналык борборун көргөн жок элем» деп айтып жатпайбы. Бирок, бизде кандай гана сөздөр болбоду… Мификалык сандар, суммалар, өздөрү кандай кааласа ошондой ой жүгүртүү болуп, ушак-айыңдар жанымды кейитти. Ал эми калган кыйынчылыктарды дайыма менин атам айткандай, намыс менен көтөрүүгө аракет кылып келем. Менин жанымды кейиткен окуялардын бири ушул.

- Жакында сиз өмүр таржымалыңызды, буга чейин басып өткөн өмүр жолуңузду тизмектеп, «Үмүттүн шооласы өчпөйт» аттуу китебиңизди окурмандарга сунуш кылдыңыз. Мына ошол китебиңизде адамдын аруу сезими, таза абийири, арнамысы тууралуу маселеге көп кайрылыпсыз. Мына ушул темага китебиңизде, жалпы эле маалымат каражаттарында жарыяланган маектериңизде көп кайрылып келесиз. Анын башкы себеби эмнеде?

- Ар бир эл өзүнүн каада-салттары менен, рухий байлыгы, түбөлүктүү баалуулуктары менен сыймыктанат. Алар менен элдин келечеги байланышкан деп ойлойм. Чындыгында мен биздин элибиздин каада-салттарына, теңдешсиз касиеттерине ушунчалык таң калам. «Элибиздин нарк-насилдерин, асылдыктарын, көөнөрбөгөн биздин элге гана таандык бир сонун мүнөздөрүн биздин жаштарыбыз билсе экен, башка элдер билсе экен. Анан билип гана жөн болбой, ошолорду өөрчүтүп, жарыялап, цивилизациянын жакшы элементтери менен толуктап, урпактарда берсек» деген чоң тилегим бар. Ошондуктан өзүмдүн китебимде «Элдик каада-салт» деп, ал өзүнчө глава болуп кирди. Ошондуктан менин эң аруу тилегим - өзүбүздүн жакшылыгыбызды өзүбүз билип, андан дагы кеңири жайылтсак деген оюм бар. Капитализм толкунунда, анан өткөөл мезгилде бизге кээ бир эң жакшы сапаттарыбызды жоготуп кое турган коркунучтар болуп калат экен. Мисалы, карыяларды, аксакалдарды, улууларды сыйлоо - кыргыз элинин этикасынын туу чокусу деп ойлойм. Карысы бардын ырысы бар, карылар биздин байлыгыбыз. Энеси, атасы төрүндө отурган адамдар кандай бактылуу!

Кабыргамды кайыштырган, «дүжүр чалдар» деген бир болбогон сөз айкашы чыкты. Журналисттердин эрки бар экен эркин сүйлөөгө, ал эми алар жазып жаткан «дүжүр чалдардын» эрки жок бекен? Жана мени ойлонткон дагы бир нерсе - биздин баатырларыбыз, эр-азаматтарыбыз кийинки кезде ушак-айыңга, карөзгөйлүккө жакын болуп кетти. Маселенин төркүнүн түшүнбөй туруп, элди дүрбөтүп кирет. Алардын ички дүйнөсүндө биздин кыргыз элине таандык эмес, начар касиеттер үстөмдүк кылып атат. Мен ошого абдан күйөм. «Төбөсүндөгү бөркүн көрбөгөн киши экен, көкүрөгүндө ыйманы жок адам экен» деп атам көп айтчу. Ушуну эр-азаматтарыбыз байкаса. «Ошондой терс сапаттар бизге жукпаса экен, ошондой болбосо экен» деген ойду интервьюларымда, китебимде ар убак айтып келатам. Каада-салтыбызды сактаганда гана биз өзүбүздүн рухубузду сактай алабыз.


- Мына сиз «Үмүттүн шооласы өчпөйт» аттуу китебиңиздин баш сөзүндө «жазмыштын буйругу менен менин өмүрлүк жарым, Аскар Акаев, эгемен жолуна кадам таштаган Кыргызстандын жетекчилигине келди. Бул менин турмушумду түп-тамырынан бери өзгөрттү» деп жазыпсыз. Ушул турмуштун өзгөрүшү сиздин турмуштук кредоңуздүн өзгөрүшүнө канчалык таасир этти? Сиздин жан-дүйнөңүздө, адамдарга жасаган мамилеңизде кандай зор өзгөрүү болуп өттү деп ойлойсуз?

- Агайыңар эгемен жолуна кадам таштаган Кыргызстандын жетекчилигине келгенде менин турмушум өзгөрдү дегенди бир беткей ойлобош керек. Бул менин элибиздин астындагы жоопкерчилигимдин жогорулашы деп байкайм. Себеби мурда профессор болуп иштеп жүргөндө, өзүмдүн сабагымды жакшылап берсем ушунчалык канагат алчумун. Азыр менин жасап жаткан иштерим, аракетим - бүт баары биздин элдин турмушу, келечеги менен байланыштуу. Менин милдеттеримдин көбөйүшү, жоопкерчилигимдин дагы жогорулаганы - турмушумдун өзгөргөнү ушул. Ал эми менин жан-дүйнөмдөгү, менин өмүрүмдөгү баалуулуктар өзгөргөн жок деп ойлойм. Себеби мурда кандай принциптерим болсо, мен азыр деле ошондой принциптерде эле калдым. Эң негизгиси - менин жан-дүйнөм өзгөргөн жок деп ойлойм.

- Майрам эже, сиз өзүңүздүн бир интервьюңузда үй-бүлө турмушунда сиздин таасириңиз басымдуулук кылаарын айткан элеңиз. Жалпы эле кыргыз айымдарынын коомдо болсун, үй-бүлөлүк турмушта болсун өктөмдүгүнүн, активдүүлүгүнүн башкы себебин сиз эмнеден көрөөр элеңиз? Эл арасында кылымдар бою айтылып келген «Аял жакшы - эр жакшы, увазир жакшы - хан жакшы» деген макалга кандай карайсыз?

- Чындыгында «үй-бүлөдө таасирим басымдуулук кылат» дегеним - бул жанагы үйдөгү болгон майда-барат жумуштарды, бүт үйдө болгон түйшүктөрдүн баарын тең, туугандар арасында болгон милдеттерибиз бар, ошолордун баарын тең мен өзүм алып келгениме байланыштуу. Себеби, агайыңар биринчи күндөн баштап эле илимдин үстүндө болду. Ал убакта илим үстүндө иштеген кишилер бүт болгон күчүн, мүмкүнчүлүгүн ошол илимге гана жумшачу. Бир чети аны эрдик деп да коём. Андан кийин президент болду, үйдөгү иштерге көңүл бурууга убактысы болгон жок. Эми кыргыз айымдарынын коомдо болгон активдүүлүгүн мен эки нерсе менен байланыштырам. Ар бир элдин генофондунун өзгөчөлүгү болот. Эзелтеден бери кыргыз аялзатынын биздин элибиздин тарыхында өзүнчө ээлеген орду болгон, башка Азия өлкөлөрүнүн аялзатына караганда дайыма эркин болушкан. Өткөөл мезгилде биздин аялдар рыноктук шарттарга жөндөмдүү экенин көрсөтүштү. Бизнес менен алектенгендер, ары-бери каттаган челноктор да - биздин аялдар, эл агартуу тармагында да, айтоор бардык тармакта - көбүнчө айымдар. Алар оор турмушка баш ийип отуруп калбай, өздөрүн тың көрсөтүштү деп ойлойм. Мен дагы агайыңарга айттым бир жолу: «Мен Кыргызстандын балдары менен аялдарына ыраазымын. Себеби балдарыбыз билим алып, кайсы жакта болбосун окуп жатат. Аялзаты болсо өзүнүн үйүнө да, күйөөсүнө да, балдарына да, туугандарына, ата-энесине, анан Кыргыстанга да жоопкерчилиги басымдуулук кылып атат», - деп айттым. Кыргыз аялдарынын кичипейилдүүлүгүн, сабырдуулугун, ишмердигин, сулуулугун өзгөчө даңазалагым келет. Ар кандай мактоого татыктуу, биздин аялзаты. «Аял жакшы - эр жакшы, вазир жакшы - хан жакшы» деген макалдын далили катары мен Курманжан энебизди айткым келет. Өзүңүздөр билесиздер, ал киши - бүт мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, өзүнүн өмүрлүк жубайы Алымбек даткага жардам берип, аны бардык жактан колдоп, бардык жактан сүрөп келген адам.

- Кайра эле сиздин китебиңизде айтылган ойлорду андан ары тереңдетсек. Китептин 2-главасында сиз атаңыз жана анын берген тарбиясы, анын бийик касиети тууралуу кеңири баяндап келип, «ал өзү абийири жок деп эсептеген кишилерге эч качан кол берген эмес. Турмуштук принциби ушундай эле» деп жазыпсыз. Атаңыздын мына ушундай турмуштук принцибин сиз карманасызбы? Өмүрлүк жолдошуңуз мамлекет башчысы болуп турган 12 жыл ичинде сиздердин ишенимиңиздерди актабаган, алдап кеткен инсандар менен мамилеңиз ушул принциптин негизинде уланабы, же андай адамдарга кечиримдүүлүк менен мамиле кылып келесизби?

- Менин атам жөнүндө айткан жылуу сөздөрүңүзгө чоң рахмат. Чындыгында эле менин атам өзгөчө киши болчу. Өзгөчө адамдын кадыр-баркын, адамдын адамкерчилигин жогору койгон киши болчу. Анан дайыма бизге айтчу: «Ар нерсенин өзүнүн баасы болот, адамды баалоодо татыктуу баасы болуш керек», - деп. Адамдын кадырын, адамкерчиликти биринчи коер эле. Чындыгында кичине кезимден баштап адамдын баркын билүүгө, достуктун, ата-эненин, тууганчылыктын, деги эле элибиздин жакшылыктарын билүүгө, ар нерсени баалай билүүгө бизди үйрөтчү. Атам адамдын акылына да баа берген. «Ким адамдын адал же адал эместигине баа бере албаса, ал адамдын акылына баа бере албайт» деп үйрөтчү. Чындыгында ар бир адамга акыйкаттык менен карайм. Бирок принциптерине туура эмес келген адамдар менен атам, мисалы, учурашчу эмес. Мен анте албайм, себеби өзүңөр билесиңер, агайыңар эл башы болуп турганда мен өчөшүп-кычашып, айтыша албайм. Антким да келбейт, эч качан антпейм. Мен мектепте да, университетте да ошондой болчумун. Жаман нерселерден мен дайыма жогору элем. Чыр-чатактан дайыма жогору болгум келет. Мен өзүм ак көңүл кишимин. Атам да ак көңүл киши эле, бирок абдан принциптери күчтүү эле. Ошондуктан мен жаасы катуу киши эмесмин. Бирок адамды туура баалоого, күйдүрбөөгө дайыма аракет кылган өзүмдүн принциптерим бар.

- Айрым маалымат каражаттары сиздер тууралуу «үй-бүлө», «саясий бүлө» деп көп жазып, бул термин эл арасында кеңири колдонгон түшүнүккө айланып кеткендей болду. Сиз андай түшүнүккө жана жалпы эле маалымат каражаттарында айтылып келген сын пикирлерге кандай мамиле кыласыз?

- Рахмат, жазса жазаар, айтса айтаар. Бизде сөз эркиндиги болгон үчүн ким кандай кааласа ошондой айтат, ким кандай кааласа ошондой жазат. Бирок, менин айтаарым - «саясий үй-бүлө», «бүлө» деген сөз - саясий белимчилик деп айтаар элем. «Саясат деген ушул экен» деп эле, башка өлкөлөрдө жазылып, айтылып келаткан сөздөрдү бизге механикалык түрдө көчүрө коюп жатышпайбы.

Биздин үй-бүлөнү өзүңүздөр билесиздер, бүт эле кыргыз эли кабардар. Мен китепте жазып чыктым, биздин үй-бүлөнүн баалулуктарын. Балдарды кантип тарбиялап атканыбызды билесиздер. Аскар Акаевди абдан сындайсыздар. Бирок баарыңыздар билгендей, ал абдан айкөл, абдан адамкерчилиги бийик киши. Балдарыбыз - мисалы Айдар, Бермет - окууларын бүтүштү. Чыгыштын, Батыштын жакшы сапаттарын алып, эң негизгиси - элибиздин каада-салттарын баалап, биздин элибизди, атакесин, мени, сиздерди уят кылды деп айта албайм. Эч жерден уят кылган жок, жаман нерсеге илешкен жок. Сөздөр айтыла берет экен да. «Ий, Кыргызстандын президентинин балдары ушундай турбайбы» деген сөзгө илене элек. Эми болот экен, ушакты жазып атышат, бир нерсени жабыштырып атышат. Бирок элибиз ошого деле ишенбейт. Биринчи жылдары бат эле ишене коюшчу, анткени партиянын убагында эмне жазса ишенчүбүз да. Азыр биздин элибиз абдан сезимтал, ошондуктан туура баа берет го деп ойлойм. Ал эми Бермет, Айдар, Саадат, Илим - сиздин да карындаш, инилериңиз, бүт эле кыргыз элинин балдары. Президенттин балдары болгондон кийин алар бүт элибиздин балдары. Алар баары патриоттор. Илим кай жерде болбосун гимнди ырдап, желегин жамынып алып жүрөт. Мен деле, өзүңүздөр билесиздер, бүт аракетимди Кыргызстан үчүн жумшап атам. Бирок бул сөз эл арасында тамыр алып кеткен деле жок деп ойлойм. 5-6 журналист, саясатчылар айтат экен, бир-экөөсү жазат экен. Үй-бүлө деген ыйык нерсе. Ошону терминге айлантып, анан тырмакчага алып жабыштыргандарга өзүмдүн айтаарым - бул саясий белимчилик.


- Ошол эле учурда маалымат каражаттарында сиз жана сиздин үй-бүлөңүз жөнүндө мактоого алган макалалардын байма-бай жарыяланып турушуна кандай карайсыз?

- «Илим жылдыздары» деген китебимде Пифагордун бейнеси берилген. Пифагор айтыптыр, «өтө мактаганга дагы, өтө жамандаганга дагы кайдыгер мамиле кылыш керек» деп. Эми «кайдыгер мамиле кылыш керек» дегени - ал өзү философ киши, канча бир ачылыштарды ачкан улуу киши. Ал киши кайдыгер караса керек. Биз деле пендебиз. Кайдыгер карай албайбыз, кайгырабыз, абдан жаман болобуз, кээде жакшы жазып калганда сүйүнүп калабыз. Бирок баары бир таразалай билиш керек, ошого баа бере билиш керек. Ошондуктан жөнү жок мактап атат деп деле ойлобойм. Себеби, ооба, өзүм активдүү кишимин. Жакында Австрияга барып келдик. «Жетим балдар 18ге чыккандан кийин каякта турат, жашоосун кандайча улантат?» деген маселе менен. Бул көптөн бери менин көңүлүмдү өйүгөн маселелердин бири. Мына ошону барып чечип келгенге аракет кылып атам, азыр. Бирок, Кыяс, силер дүйнөлүк массалык маалымат каражаттарынын кандай иштээрин билесиңер. Мисалы, башка өлкөнүн бир ледиси бир интервью берсе бир жыл айтышат, «минтип айтты, муну абдан жакшы айтты, же болбосо бул жерин начар айтып койду» дешип. Мен ойлойм, чындыгында мага кереги жок ошонун баары тең. Бирок мени менен иштеген кишилер абдан көп. Австриядан жардам берип атышат, бүт дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн баары тең жардам беришет, долбоорлорду ишке ашырууга. Биз гранттар, долбоорлор менен гана иштейбиз. Биз Кыргызстандын бюджетинен бир тыйын алып көргөн эмеспиз. Бул - биринчи күндөн баштап менин өзүмдүн принцибим. Ошондуктан мунун эки жагы бар. Ага туура мамиле кылып, жакшы жагыбызды «жакшы» деп, начар жагыбызды «начар» деп туура баа берилген болсо, бул жакшы деп эсептейм.

- Майрам эже, мына соңку маектериңизде, ошондой эле китебиңизде саясаттын илеби байкалат. Анын үстүнө айрым маалымат каражаттары сизди «келечекте президенттик шайлоого катышууга даярдык көрүүдө» деп жазып чыгышты. Анын чындыгы тууралуу сиздин өзүңүздөн уксак.

- Менин кайрымдуулук иштеримди, кайрымдуулукта болгон аракетимди, активдүүлүгүмдү саясатчылар чындыгында саясатка айландырып жиберишти. Мен бир журналисттен сурадым: «Айтыңызчы, кай жерден мен саясатка кошулуп, кай жерден мен саясат жасап жибердим, бир мисал келтирсеңиз?» - деп. Ойлонуп көрдү, бирок айта алган жок. Ошондой эле азыркы чыгармачылык аракетимди дагы саясатка айлантып жиберишти. Ага сиз күбөсүз. Себеби, «президенттик шайлоого катышууга даярдык көрүп жатыптыр» деген сөз - биз баарыбыз Кыргызстандын аттуу-баштуу журналисттерин чогултуп, «менин жаңы китебим жөнүндө маалымат берип коёюнчу» деп жолуккандан кийин чыгып аткан сөз. Бул жолугушуунун дагы өзүнүн бир себеби болду. Өзүңүздөр билгендей, менин китебим «Үмүттүн нуру үзүлбөйт» деген аталышта Москвадан «Воскресенье» деген басмадан чыкты. Андан кийин Санкт-Петербургда шаардын 300 жылдык мааракесинин алкагында Эрмитажда анын бет ачаар аземи өттү. Ошол жерде эл аралык басма сөз борборунда басма сөз конференциясы болду. Анан Казакстандан 7 журналист келип, атайын суранып интервью алып кетишкенден кийин менде бир ой жаралды. «Өзүн сыйлабаган, өзгөнү сыйлабайт» же болбосо «Өз агасын агалай албаган башканы сагалайт» деген жакшы макалдар бар эмеспи. «Башка жерде ушинтип жатышкандан кийин, биздин өзүбүздүн элге, журналисттер менен жолугушуп айтып берейин» дедим. Ошол жолугушуудан кийин «Франс-Пресстин» Бишкектеги кабарчысы (ал биздин эле кызыбыз, Франциядан келип айтты дейсиңерби), ошонун жазганын окусам 100% калп экен, өзүнчө эле бир нерселерди жазып коюптур. Эми жазылгандан кийин биздин эл абдан активдүү да. Ошондуктан жыйынтыктап айтканда, менин бүт 12 жылдан бери иштеп келаткан иштеримди, кайрымдуулуктагы аракеттеримди, чыгармачылык иштеримди саясатка айлантып жибергендин туу чокусу ушу болду. Саясатка айланткан деген ушул турбайбы. Жакшынакай китеп, рух, дух жөнүндө, өзүңүз көрдүңүз. Бирок ошону таптакыр башкача маанайда, саясаттын өзөгүнө барып такап койду. Эми аны өзүнүн уятына, абийрине коёбуз. Ар ким өзүнүн абийринин астында жооп бериши керек.

Ал эми «президент болом» деген адамдар - президент эмне экенин билбеген адамдар. Ошонун азабын, тозогун көрбөгөн адамдар. Бул - жоопкерчилик. Тарыхтын, элдин астындагы жоопкерчилик. Мен өзүм патриархалдуу үй-бүлөдө тарбиялангам. Эки аздектелген баалуулук бар эле, үйдө. Мисалы, атамдын аздектеген баалуулуктары - балдарына илим-билим берүү, аны өзүңүз да билесиз. Сиздин ата-энеңиз деле ошондой болуш керек. Биздин элдин эң бир жакшы касиеттери – «эмне болсо дагы балама жакшы тарбия, жакшы билим берсем» деген үмүт да. Атамдыкы дагы ушул эле. Апамдын аздектеген культу - бул атамдын культу, үйдөгү эркектин культу. Ошондуктан жанагы сөз - таптакыр болбогон, түшкө да кирбеген сөз.


- Эми бүгүнкү маекти Кыргызстандын келечеги тууралуу сиздин көз карашыңыз менен жыйынтыктасак. Кыргызстандын келечеги кандай болот? Келечекте өнүгүп-өскөн өлкөлөрдүн деңгээлине көтөрүлүш үчүн эмне кылыш керек? Канткенде Кыргызстан өз багытынан тайбай, өнүккөн демократиялык өлкөлөлөрдүн катарынан түбөлүк орун табат?

- Чындыгында биздин эң негизги бактыбыз - биздин эркин, эгемендүү мамлекет болгонубуз. Аны өзүнчө бир баасыз, эбегейсиз, чексиз бакыт деп ойлойм. Анткени СССРдин карамагындагы республикалар бири-бири менен согушпай, күрөшпөй, өз ара тууганча таркап кетишти. Эми арасында анча-мынча келишпестиктер да болду окшойт, бирок эң негизгиси - өзүбүздүн эркиндигибизди алганыбыз - биздин зор бактыбыз. Ар бир жакшылыктын бейиши да, кейиши да болот эмеспи. Бирок жетишкендиктерибиз да аз эмес. Чындыгында «Кыргызстан дүйнөлүк шериктештикте өзүнүн татынакай ордун тапса» деген ой Кыргызстандын ар бир атуулунда болсо керек. Ал үчүн ар бир адам өз үлүшүн кошушу керек. Ийгиликтер өзүнөн-өзү келбейт, эгер өзүнөн-өзү келсе баары эле бейиште жашап калбайт беле. Ошондуктан буга абдан чоң кайрат-күч керек. Патриотизм - бул эң бир ыйык нерсе. Ар бирибиз патриот болгондо, ар бирибиз эмгектене алганда, ар бир киши өзүнүн иштеген жеринде өз эмгегин, ишин жакшы алып барганда, биздин ар бир адамдын жан-дүйнөсү, элибиздин руху таза болсо, ошого умтулсак гана биз ийгиликтерге жетише баштайбыз. Биздин ийгиликтерге жетишибизде илим-билим абдан чоң роль ойношу керек.

Терс жактардан болсо - көралбастыкты, караңгычылыкты, анан ичи тардыкты жоюшубуз керек. Өзгөчө мырзалардын, эркектердин авторитети чоң болсо дейм. Мен дайыма Кыргызстандын эркектери жанагы менин үйүмдөгүдөй бапестелип турса дейм. Ал эми бапестеш үчүн өздөрү дагы ошого татыктуу болушу керек. Куттуу кыргыздын каада-салттарын абдан жогорку деңгээлде баалай ала турган үй-бүлөлөр бар, Кыргызстанда. Кыргызстан да ошондой болушу керек. Ар нерсеге жакшы баа берип, ыймандуулукка өзгөчө көңүл буруп, кичинекейинен балдарды тарбияласак. Баягыда Асел Оторбаева деген журналист кызыбыз: «Баланы канча жашынан баштап китепке үйрөтүш керек?» - деген суроо бербедиби. Мен айттым: «Биринчи күндөрдөн баштап», - деп. Биринчи күндөрдөн баштап бешик ырларын, апаларыбыз, чоң апаларыбыз, андан дагы чоң энелерибиз айткан бешик ырларын ырдап, андан ары бүт биздин элдин жакшылыктарын балдарыбыздын жан-дүйнөсүнө сиңирсек, калыптандырсак - ошолор бизге чоң ийгилик алып келет. Биздин келечегибиз - биздин балдар. Ошондуктан ар бирибиз үй-бүлөдө дагы, коомдо дагы мамлекетибиздин келечегин ойлоп, балдарга жакшы тарбия берүүгө умтулсак, анан өзүбүз сөз менен гана эмес, өзүбүздүн ишибиз менен, жүрүш-турушубуз, жан-дүйнөбүздүн тазалыгы менен балдарыбызга үлгү болсок, биздин келечегибиз кең болот. Биздин мамлекеттин келечеги кең экендигине ишенем. Себеби, стратегиялык жактан катачылыктар жок деп ойлойм. Бирок дагы айтып кетейин дегеним - бул дагы менин атамдын сөзү - «ар бир иштин бейиши менен кейиши болот», ага чыдашыбыз керек. Ага арнамыс менен туруп беришибиз керек, ошондо гана жакшылыктарга ээ болобуз.


- Анда ачык-айрым, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG